# 21-статья. Эсептөө палатасынын аудиторунун ыйгарым укуктары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1516)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 13-августундагы № 117 "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 117
- Кабыл алынган күнү: 13.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.05.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 31 мая 2023 года № 114 "О Счетной палате Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112596)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 15 октября 2008 года № 213 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О Счетной палате Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202428)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1516#diff=1256842..1256843>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1516/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1450/edition/1256839/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1516/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.05.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө, 21-статья (31.05.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1516/st-21

---

Эсептөө палатасынын аудитору өзүнүн иш милдеттерин аткарууда төмөнкүлөргө укуктуу:

1) республикалык жана жергиликтүү бюджеттен каржыланган мамлекеттик органдарга, аскердик бөлүктөргө жана бөлүмдөргө жана башка уюмдарга тоскоолсуз кирүүгө;

2) чарбалык жана финансылык ишти чагылдырган баштапкы документтерге, эсептөө регистрлерине, баланстарга жана эсептерге, статистикалык

материалдарга, сметаларга, келишимдерге, буйруктарга, тескемелерге жана башка укуктук актыларына, ошол иш боюнча кат-кабарларга жана иш жүргүзүү документтерине, анын ичинде жашыруун документтерге, ошондой эле финансы контролун жүзөгө ашыруучу органдардын текшерген материалдарына чексиз ээ болууга;

3) текшерилип жаткан ишкананын, мекеменин жана уюмдун жетекчилеринен жана башка адамдарынан, ошондой эле текшерүү жүргүзгөн адамдардан зарыл болгон учурда, текшерүү менен байланышкан маселелер боюнча оозеки жана жазуу жүзүндөгү түшүнүктөрдү жана маалымкаттарды алууга;

4) укук бузуу бар экендигине олуттуу шек саноо айкындалган учурда Эсептөө палатасынын Төрагасынын тескемесинин негизинде кийин Эсептөө палатасынын Кеңешине кабарлоо менен документтердин түпнускасы, файлдар, анын ичинде компьютерлерди убактылуу алып коюу сунуш кылынат. Мында аудит объектине алып коюлган маалыматтардын жана жабдуулардын тизмеги, ошондой эле алып коюлган документтердин көчүрмөсү ушул Мыйзамга ылайык берилиши мүмкүн;

5) Эсептөө палатасынын Кеңешинде чечилүүчү маселелери боюнча өзгөчө пикирин билдирүүгө;

6) иштин башкаруу багыттары боюнча аудиттин материалдарын кабыл алуу үчүн жооптуу болуп дайындалууга;

7) башкаруу багыттарына иштин жыйынтыгы боюнча отчетко кол коюуга өзгөчө укугу бар;

8) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, анын комитеттеринин жана комиссияларынын жыйналыштарына жана сессияларына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйналыштарына катышат.

(КР 2008-жылдын 15-октябрындагы № 213 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1516/st-20)  
Кийинки берене: [22-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1516/st-22)
