20-статья. Эсептөө палатасынын аудиторунун кызмат ордуна талапкерлерге карата квалификациялык талаптар
Күчүн жоготкон · 31.05.2023 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 31 мая 2023 года № 114.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 18 февраля 2011 года № 2
Жогорку билимдүү жана мамлекеттик аудит жана контроль, экономика, финансы жана укук жаатында 7 жылдан кем эмес кесиптик тажрыйбасы бар Кыргыз Республикасынын жараны Эсептөө палатасынын аудитору боло алат. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Эсептөө палатасынын аудиторлорунун курамынын үчтөн бирин - Кыргыз Республикасынын Президентинин, үчтөн бирин - парламенттик көпчүлүктүн жана үчтөн бирин - парламенттик оппозициянын сунуштамасы боюнча шайлайт; ушул Мыйзамда каралган учурларда аларды кызматтарынан бошотот. Эсептөө палатасынын аудиторлору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Эсептөө палатасынын аудитору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаты, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөсү, саясий партиянын мүчөсү (же партияга мүчөлүгү токтотула турушу керек) боло албайт, окутуучулук, илимий жана башка чыгармачылык иштен тышкары ишкердик жана башка акы төлөнүүчү ишти жүргүзө албайт. Эсептөө палатасынын аудитору Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Төрагасы жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасы менен жакын туугандык мамиледе болбоого тийиш. (КР 2008-жылдын 7-июлундагы № 139, 2008-жылдын 15-октябрындагы № 213, 2011-жылдын 18-февралындагы № 2 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 31.05.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
20-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 18 февраля 2011 года № 2 "О внесении дополнения и изменений в Закон Кыргызской Республики "О Счетной палате Кыргызской Республики""Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 15 октября 2008 года № 213 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О Счетной палате Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 7 июля 2008 года № 139 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О Счетной палате Кыргызской Республики""Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1516/st-20" title="20-статья - Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>