# 2-статья. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө мыйзамдар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1516)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 13-августундагы № 117 "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 117
- Кабыл алынган күнү: 13.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.05.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 31 мая 2023 года № 114 "О Счетной палате Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112596)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 февраля 2011 года № 2 "О внесении дополнения и изменений в Закон Кыргызской Республики "О Счетной палате Кыргызской Республики""](https://aqlex.ai/kg/doc/203246)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 18.02.2011 [Закон КР от 18 февраля 2011 года № 2 "О внесении дополнения и изменений в Закон Кыргызской Республики "О Счетной палате Кыргызской Республики""](https://aqlex.ai/kg/doc/203246); 26.01.2009 [Закон КР от 26 января 2009 года № 26 "О внесении дополнений и изменения в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203105)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1516#diff=1256844..1256845>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1516/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1450/edition/1256839/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1516/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.05.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө, 2-статья (31.05.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1516/st-2

---

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын (мындан ары - Эсептөө палатасы) ыйгарым укуктары, уюштурулушу жана иштөө тартиби Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам, башка мыйзамдары жана башка ченемдик укуктук актылары менен аныкталат. Мамлекеттик органдарда жана мекемелерде ички аудит жүргүзүүгө тиешелүү маселе "Ички аудит жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынат. Эсептөө палатасы өз ишинде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эларалык келишимдердин жана макулдашуулардын ченемдерин колдонот. Эгерде Кыргыз Республикасы ратификациялаган эларалык келишимдерде жана макулдашууларда, ушул Мыйзамда камтылгандан башка эрежелер белгиленсе, эларалык келишимдердин жана макулдашуулардын эрежелери колдонулат. Эсептөө палатасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынбаган өзүнүн ички иштери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген Эсептөө палатасынын Регламентин кабыл алууга укуктуу. (КР 2009-жылдын 26-январындагы № 26, 2011-жылдын 18-февралындагы № 2 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1516/st-1)  
Кийинки берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1516/st-3)
