# 18-статья. Эсептөө палатасынын төрагасынын милдеттери жана жоопкерчилиги

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1516)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 13-августундагы № 117 "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 117
- Кабыл алынган күнү: 13.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.05.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 31 мая 2023 года № 114 "О Счетной палате Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112596)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 15 октября 2008 года № 213 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О Счетной палате Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202428)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1516#diff=1256842..1256843>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1516/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1450/edition/1256839/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1516/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.05.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө, 18-статья (31.05.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1516/st-18

---

1. Эсептөө палатасынын төрагасы төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) Эсептөө палатасынын ишине жалпы жетекчилик кылууга, анын ишин уюштурууга жана контролдук кылууга;

2) Эсептөө палатасынын Кеңешинин ишин уюштурууга жана жетекчилик кылууга;

3) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине ар жылдык отчетту жана башка отчетторду берүүгө;

4) Эсептөө палатасынын иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымдап турууга;

2. Эсептөө палатасынын төрагасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жекече жоопкерчилик тартат:

1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу үчүн;

2) мамлекеттик жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен корголуучу башка сырларды ачыкка чыгаруу үчүн;

3) бийлигинен кыянаттык менен пайдалануу жана кызматтык ыйгарым укуктарынан ашып кетүү үчүн;

4) кызматтык милдеттерин аткарбай коюу үчүн;

5) Эсептөө палатасынын ишин уюштуруу үчүн;

6) этикалык кодексинин эрежелерин бузуу үчүн.

(КР 2008-жылдын 15-октябрындагы № 213 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1516/st-17)  
Кийинки берене: [19-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1516/st-19)
