16-статья. Эсептөө палатасынын төрагасынын кызмат ордуна талапкерлерге коюлган квалификациялык талаптар
Күчүн жоготкон · 31.05.2023 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 31 мая 2023 года № 114.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 14 мая 2012 года № 53
Эсептөө палатасынын төрагасы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 5 жылдык мөөнөткө шайланган Эсептөө палатасынын аудиторлорунун арасынан Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайындалат. (КР 2011-жылдын 18-февралындагы № 2 Мыйзамына ылайык 2-бөлүк күчүн жоготту). (КР 2011-жылдын 18-февралындагы № 2 Мыйзамына ылайык 3-бөлүк күчүн жоготту). Эсептөө палатасынын төрагасы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жергиликтүү кеңештердин депутаты, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөсү, саясий партиянын мүчөсү (болбосо партиядагы мүчөлүгү токтотула туруусу керек) боло албайт, окутуучулук, илимий жана башка чыгармачылык иштен тышкары ишкердик жана башка акы төлөнүүчү ишти жүргүзө албайт. Эсептөө палатасынын төрагасы Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасы жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Төрагасы менен жакын туугандык мамиледе болбоого тийиш. (КР 2007-жылдын 4-июнундагы № 77, 2008-жылдын 21-июлундагы № 163, 2008-жылдын 15-октябрындагы № 213, 2011-жылдын 18-февралындагы № 2, 2012-жылдын 14-майындагы № 53 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 31.05.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
16-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 14 мая 2012 года № 53 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Счетной палате Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 18 февраля 2011 года № 2 "О внесении дополнения и изменений в Закон Кыргызской Республики "О Счетной палате Кыргызской Республики""Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 15 октября 2008 года № 213 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О Счетной палате Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 21 июля 2008 года № 163 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Счетной палате Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 4 июня 2007 года №77 "О внесении дополнений и изменений в Законы Кыргызской Республики "О счетной палате Кыргызской Республики", "О Национальном банке Кыргызской Республики", "О прокуратуре Кыргызской Республики" и "О Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики""Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралууЗакон · 18.02.2011 · № 2 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1516/st-16" title="16-статья - Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>