# 12-статья. Эсептөө палатасынын Кеңеши жана анын ыйгарым укуктары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1516)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 13-августундагы № 117 "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 117
- Кабыл алынган күнү: 13.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.05.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 31 мая 2023 года № 114 "О Счетной палате Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112596)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 февраля 2014 года № 30 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205252)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 18.02.2014 [Закон КР от 18 февраля 2014 года № 30 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205252); 18.02.2011 [Закон КР от 18 февраля 2011 года № 2 "О внесении дополнения и изменений в Закон Кыргызской Республики "О Счетной палате Кыргызской Республики""](https://aqlex.ai/kg/doc/203246); 15.10.2008 [Закон КР от 15 октября 2008 года № 213 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О Счетной палате Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202428)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1516#diff=1256848..1256849>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1516/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1450/edition/1256839/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1516/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.05.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө, 12-статья (31.05.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1516/st-12

---

Эсептөө палатасынын жогорку органы болуп Эсептөө палатасынын төрагасынан жана Эсептөө палатасынын аудиторлорунан турган Эсептөө палатасынын Кеңеши эсептелет. Эсептөө палатасынын Кеңеши зарылчылыгына жараша Эсептөө палатасынын төрагасы же Эсептөө палатасынын аудиторлорунун үчтөн биринин талабы боюнча, бирок айына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт. Эсептөө палатасынын Кеңешинин жыйналышы эгерде ага Эсептөө палатасынын курамынын жарымынан көбү катышса, укуктуу болуп саналат. Эсептөө палатасынын Кеңешинин чечими токтом түрүндө кабыл алынат жана ага Эсептөө палатасынын Кеңешине төрагалык кылуучу кол коет. Эсептөө палатасынын Кеңеши төмөнкүдөй чечимдерди кабыл алат:

1) стратегиялык, жылдык жана утурумдук иш пландарды карайт жана бекитет;

2) бекитилген иш планына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизет;

3) аудиторлордун, топтордун жана аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилеринин аудит жана натыйжалуулук аудити жөнүндө отчетторунун долбоорлорун угат;

4) аудит жана аудиттин натыйжалуулугу жөнүндө, анын ичинде Эсептөө палатасынын финансылык иши тууралуу отчетторду бекитет;

5) Эсептөө палатасынын Регламентин, Эсептөө палатасынын ишинин ички маселелерин жөнгө салган жоболорду жана нускоолорду бекитет;

6) аудит жана аудиттин натыйжалуулугун жүргүзүүнүн усулдарын бекитет;

7) этикалык кодексин бекитет;

8) Эсептөө палатасынын бюджетинин долбоорун бекитет;

9) Эсептөө палатасынын аппаратынын, түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин отчетторун угат;

10) мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуштарды киргизет;

11) отчеттук мезгил үчүн Эсептөө палатасынын төрагасынын отчетун мыйзамдарда белгиленген мөөнөттөрдө бекитет жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберет;

12) Эсептөө палатасынын аудиторлорун жана кызматкерлеринин ыйгарым укуктарын токтото туруу тууралу же ээлеген кызмат ордунан бошотуу жөнүндө маселени козгоо тууралу сунуштарды киргизет.

(КР 2008-жылдын 15-октябрындагы № 213, 2011-жылдын 18-февралындагы № 2, 2014-жылдын 18-февралындагы № 30 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1516/st-11)  
Кийинки берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1516/st-13)
