# 1-статья. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги аныктамалар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1516)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 13-августундагы № 117 "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 117
- Кабыл алынган күнү: 13.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.05.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 31 мая 2023 года № 114 "О Счетной палате Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112596)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 февраля 2011 года № 2 "О внесении дополнения и изменений в Закон Кыргызской Республики "О Счетной палате Кыргызской Республики""](https://aqlex.ai/kg/doc/203246)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 18.02.2011 [Закон КР от 18 февраля 2011 года № 2 "О внесении дополнения и изменений в Закон Кыргызской Республики "О Счетной палате Кыргызской Республики""](https://aqlex.ai/kg/doc/203246); 15.10.2008 [Закон КР от 15 октября 2008 года № 213 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О Счетной палате Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202428)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1516#diff=1256844..1256845>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1516/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1450/edition/1256839/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1516/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.05.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө, 1-статья (31.05.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1516/st-1

---

Мамлекеттик аудит - аудит боюнча мамлекеттик бийлик органынын мамлекеттик ресурстарды (финансылык, материалдык ж.б.) башкаруу боюнча ишмердиги, анын максаты мамлекеттик каражаттарды жана мүлктү пайдалануунун натыйжалуулугу, финансылык отчет түзүүнүн жана бухгалтердик эсеп жүргүзүүнүн тууралыгы финансылык тартип бузуулардын алдын алуу болуп эсептелет. Аудит - көз карандысыз жана кесипкөй баа берүү, ошондой эле аудит жүргүзүүчү субъект тарабынан даярдалган маалыматтын тууралыгы жана ишенимдүүлүгү жөнүндө отчет берүү. Аудиттин түрлөрү - финансы аудити, шайкеш келүү аудити жана натыйжалуулук аудити. Финансы аудити - аудиторго бардык финансы отчеттуулугу мыйзам талаптарына жана бухгалтердик стандарттарга ылайык даярдалгандыгы жөнүндө пикирин билдирүүгө мүмкүндүк берген аудит объектинин финансы отчеттуулугун жана эсепке алуу системасын изилдөө жана талдоо. Шайкеш келүү аудити - аудит объекти тарабынан анын ишин жөнгө салган мыйзамдарды сактоосуна баа берүү. Натыйжалуулук аудити - аудит объектинин ишинин үнөмдүүлүгүн, өндүрүмдүүлүгүн жана натыйжалуулугун изилдөө жана талдоо. Тышкы аудит - ички аудиттин натыйжалуулук аудитин кошкондо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн отчет берүүсүнө, анын ишинин натыйжалуулугуна аудит жүргүзүүгө чакырылган мамлекеттик аудиттин жогорку органынын көз карандысыз функциясы. Ички аудит - ички контроль системасынын адекваттуулугуна жана натыйжалуулугуна, финансылык жана башкаруучулук маалыматтын ишенимдүүлүгүнө жана тууралыгына, ишмердиктин жана башкаруунун натыйжалуулугуна, үнөмдүүлүгүнө жана эффективдүүлүгүнө, активдердин сакталышына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышына талдоону, баалоону жана мониторингди өзүнө камтыган ички аудит объектисинин ичинде аткарылуучу көз карандысыз жана калыс функция. Алдын ала изилдөө - аудит жүргүзүүгө ыйгарым укук алынганга чейин статистикалык, финансылык жана бухгалтердик отчетторду алуу; Эсептөө палатасынын мүчөсү - Эсептөө палатасынын аудитору - ушул Мыйзамда белгиленген Эсептөө палатасынын ыйгарым укуктарын аткаруу жана камсыз кылуу боюнча тийиштүү алкакта милдеттери бар мамлекеттик кызмат орун; Бюджеттен тышкаркы каражаттар - 1) республикалык жана жергиликтүү бюджеттерге киргизилбеген жана белгилүү бир максат боюнча пайдаланылган мамлекеттик акча каражаттары, 2) республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден бөлүнбөгөн, башка булактардын эсебинен түзүлгөн мекемелер менен уюмдардын карамагында турган каражат. Атайын каражаттар - бюджеттик мекемелер тарабынан Кыргыз Республикасынын республикалык жана жергиликтүү бюджеттеринен бөлүнгөн каражаттардан тышкары алынган каражаттар. Продукция сатып өткөрүүдөн, иш аткаруудан, кызмат көрсөтүүдөн же башка иш жасоодон бюджеттик мекемелер алган кирешелер атайын каражаттар болуп саналат. Каражаттарды максатсыз пайдалануу - республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарын, ошондой эле бюджеттен тышкаркы жана атайын каражаттарды багытынан башкага пайдалануу. Каражаттарды натыйжасыз пайдалануу - республикалык жана жергиликтүү бюджетти, ошондой эле бюджеттен тышкаркы жана атайын каражаттарды сарамжалсыз, үнөмсүз жана натыйжасыз пайдалануу. Операциялык иш - ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин акчалай түшүү булагы болуп саналган анын иши; Финансы дисциплинасы - экономикалык иштин бардык субъекттери жана алардын кызмат адамдары үчүн мамлекеттик каражаттарды пайдалануу менен байланыштуу болгон милдеттүү тартип; Мамлекеттик жана/же муниципалдык катышуунун чоң үлүшү - жеке жана менчиктин башка түрүндөгү ишканалар менен уюмдардагы мамлекеттик жана/же муниципалдык катыштын 51 пайызды жана андан ашыкты түзүшү. (КР 2008-жылдын 15-октябрындагы № 213, 2011-жылдын 18-февралындагы № 2 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Кийинки берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1516/st-2)
