# 34-статья. Мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо ишканаларын каржылоо

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1515)
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 13-августундагы № 116 "Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 116
- Кабыл алынган күнү: 13.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1515/st-34>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1449/edition/1029151/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1515/st-34.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө, 34-статья (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1515/st-34

---

Бирдиктүү төлөөчүнүн тутумунда иштөөчү мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо ишканаларынын бюджетин түзүү мамлекеттик бюджеттин, милдеттүү медициналык камсыздандыруунун каражаттарынан, медициналык-санитардык жардамдардын көлөмдөрүн каржылоо боюнча болжолдуу көрсөткүчтөрдү эске алуу менен медициналык-санитардык жардамдын түрлөрү боюнча каржылоо ченемдеринин негизинде атайын каражаттардан жүзөгө ашырылышы мүмкүн. Мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо ишканаларынын ишинен алынган каражаттар медициналык-санитардык жардамды көрсөтүүгө, уюмду күтүүгө жана өнүктүрүүгө жумшалат. Бирдиктүү төлөөчүнүн тутумунда иштеп жатышкан мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо ишканалары сарптоолордун түзүмүн жана чыгымдар сметасын өзалдынча пландаштырышат жана бекитишет, чыгымдардын бекитилген сметасына, штаттын түзүмүнө жана санына утурумку өзгөртүүлөрдү медициналык-санитардык жардамды көрсөтүүдөн түшө турган болжолдонгон каражаттарга жараша киргизишет. VII Глава Саламаттык сактоо уюмдарынын ишинин каржылык негиздери

---

Мурунку берене: [33-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1515/st-33)  
Кийинки берене: [35-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1515/st-35)
