# 26-статья. Мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган саламаттык сактоо объекттерин менчиктештирүү

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1515)
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 13-августундагы № 116 "Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 116
- Кабыл алынган күнү: 13.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1515/st-26>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1449/edition/1029151/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1515/st-26.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө, 26-статья (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1515/st-26

---

Саламаттык сактоо объекттерин - мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган имараттарды, курулмаларды жана башка мүлктөрдү менчиктештирүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. Саламаттык сактоо объектилерин кайра түзүмдөштүрүүнүн жүрүшүндө бошотулган имараттарды жана курулмаларды менчиктештирүүдө саламаттык сактоо кызматкерлери артыкчылык укугуна ээ болушат. Алып коюу ошол аймактагы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн мүмкүнчүлүгүнүн жана сапатынын начарлап кетишине алып келиши мүмкүн болгон саламаттык сактоо объектерин, ошондой эле алардын базасында адамга жана айлана-чөйрөгө зыяндуу таасири бар өндүрүштү же болбосо көптөгөн адамдардын жана (же) транспорттун келиши менен байланышкан оюн -зоок, көңүл ачуучу иш-чараларды жүзөгө ашыруу максатындагы саламаттык сактоо уюмдарынын аймактарында жайгашкан имараттарды, курулмаларды менчиктештирүүгө жол берилбейт. Саламаттык сактоо объекттерин менчиктештирүү аларды кызматкерлерине жеңилдетилген шарттарда кийин сатып алуу менен узак мөөнөттүү ижарага берүү жолу менен жүзөгө ашырылышы мүмкүн. Саламаттык сактоо мекемелерин менчиктештирүүдөн алынган каражат саламаттык сактоо секторуна кайра инвестицияланат. Төмөндөгүлөр:

- улуттук статусу бар саламаттык сактоо уюмдары;

- медициналык-санитардык жардамдын айрым түрлөрүн көрсөтүү жана ошол аймактагы бирден-бир саламаттык сактоо мекемеси менчиктештирүүгө жатпайт.

---

Мурунку берене: [25-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1515/st-25)  
Кийинки берене: [27-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1515/st-27)
