# 23-статья. Саламаттык сактоо уюмдарынын милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1515)
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 13-августундагы № 116 "Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 116
- Кабыл алынган күнү: 13.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 1 декабря 2017 года № 197 (2) "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в связи с принятием конституционных законов Кыргызской Республики "О внесении изменений в конституционный Закон Кыргызской Республики "О военном положении" от 20 мая 2015 года № 106 и "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики" от 14 июля 2015 года № 163"](https://aqlex.ai/kg/doc/111706)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 01.12.2017 [Закон КР от 1 декабря 2017 года № 197 (2) "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в связи с принятием конституционных законов Кыргызской Республики "О внесении изменений в конституционный Закон Кыргызской Республики "О военном положении" от 20 мая 2015 года № 106 и "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики" от 14 июля 2015 года № 163"](https://aqlex.ai/kg/doc/111706); 29.04.2016 [Закон КР от 29 апреля 2016 года № 52 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам охраны здоровья граждан"](https://aqlex.ai/kg/doc/111331)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1515#diff=1029153..1029154>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1515/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1449/edition/1029151/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1515/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө, 23-статья (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1515/st-23

---

Саламаттык сактоо уюмдары ишин өз уставына (жобосуна) ылайык жүзөгө ашырууга милдеттүү. Медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдары:

- саламаттык сактоонун белгилүү бир деңгээлдери үчүн белгиленген зарыл көлөмдө жеткиликтүү, өз убагында, сапаттуу квалификациялуу медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнү;

- тез жана кечиктирилгис медициналык жардам көрсөтүүнү;

- экстремалдуу шарттарда (эпидемия, өзгөчө кырдаалдар, согуштук абал, табигый кырсык, жетүүгө кыйын жана коркунучтуу шарттардагы иш) иштөөгө даяр турууну;

- айлана-тегеректегилер үчүн коркунуч туудурган оорулардын алдын алуу, диагноздоо жана дарылоо боюнча атайын профилактикалык медициналык иш чараларды жүргүзүүнү;

- санитардык-гигиеналык, эпидемияга каршы режимдерди сактоону;

- саламаттык сактоонун аралаш кызматтарынын ортосунда өзара аракеттенүүнү жана жолун жолдоочулукту;

- сергек турмушка үгүттөөнү жана калкты санитардык-гигиеналык жактан тарбиялоону камсыз кылууга милдеттүү;

- паллиативдик жардам көрсөтүүнү.

(КР 2016-жылдын 29-апрелиндеги № 52, 2017-жылдын 1-декабрындагы № 197 (2) Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [22-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1515/st-22)  
Кийинки берене: [24-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1515/st-24)
