# 22-статья. Саламаттык сактоо уюмдарынын укуктары

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1515)
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 13-августундагы № 116 "Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 116
- Кабыл алынган күнү: 13.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1515/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1449/edition/1029151/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1515/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө, 22-статья (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1515/st-22

---

Саламаттык сактоо уюмдары:

- финансылык-чарбалык ишке;

- өз уставына (жобосуна) ылайык ишти жүзөгө ашырууга;

- өзүнүн ишин толук көлөмдө финансылоону камсыз кылууга;

- улуттук, мамлекеттик программаларды ишке ашырууга катышууга;

- медициналык-санитардык жардам сурап кайрылган жарандардан алардын ден соолугунун абалы, медициналык ишти жүзөгө ашыруучу башка адамдар тарабынан жүргүзүлгөн дарылоонун натыйжалары жөнүндө зарыл маалыматтарды алууга;

- жарандын макулдугу менен аны кароону же дарылоону жүргүзгөн адамдардан маалыматтарды суратып алууга;

- эмгекке убактылуу жарамсыздык баракчасы, туулгандыгы жөнүндө, өлгөндүгү жөнүндө маалымкатты жана башка медициналык документтерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте берүүгө;

- айлана-чөйрөнүн адамга зыяндуу таасири жөнүндө маалымат алууга;

- кесиптик медициналык жана фармацевттик коомдук уюмдарды түзүүгө же саламаттык сактоо уюмдарынын, кесиптик-медициналык жана фармацевттик коомдук уюмдардын ассоциацияларына (бирликтерине) кирүүгө укуктуу.

---

Мурунку берене: [21-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1515/st-21)  
Кийинки берене: [23-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1515/st-23)
