# 2-статья. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1515)
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 13-августундагы № 116 "Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 116
- Кабыл алынган күнү: 13.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 августа 2020 года № 142 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере здравоохранения и медицинского страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/112144)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1515#diff=1029154..1029155>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1515/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1449/edition/1029151/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1515/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө, 2-статья (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1515/st-2

---

Бирдиктүү төлөөчү - базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу жана базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу программаларын каржылоону жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосунун консолидацияланган бюджети - мамлекеттик бюджеттин, базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруунун, милдеттүү медициналык камсыздандыруунун, тышкы карыздардын жана донорлордун гранттык жардамдарынын каражаттарынын, ошондой эле атайын казыналык эсептерде топтоштурулуучу каражаттардын, саламаттык сактоо тутумунда калктын кошо төлөөсүнөн алынган каражаттардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каражаттардын жыйындысы. Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасы (мындан ары - Мамлекеттик кепилдиктер программасы) - саламаттык сактоо, базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, менчигинин формаларына карабастан, саламаттык сактоо уюмдарында жарандардын медициналык-санитардык жардам алууга укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуучу медициналык-санитардык жардамдын кепилденген көлөмдөрү, түрлөрү жана шарттары. Башка терминдердин мазмуну ушул Мыйзамдын айрым статьялары менен аныкталат. (КР 2020-жылдын 22-августундагы № 142 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

II Глава Саламаттык сактоо уюмдарынын классификациясы

---

Мурунку берене: [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1515/st-1)  
Кийинки берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1515/st-3)
