# 19-статья. Саламаттык сактоо уюмдарынын ишин жөнгө салуу

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1515)
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 13-августундагы № 116 "Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 116
- Кабыл алынган күнү: 13.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1515/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1449/edition/1029151/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1515/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө, 19-статья (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1515/st-19

---

Ведомстволук баш ийүүлөрүнө жана менчигинин түрүнө карабастан са- ламаттык сактоо уюмдарынын медициналык ишин жөнгө салуу, координациялоо, ошондой эле контролдоо Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укук берилген мамлекеттик органы тарабынан жүзөгө ашырылат. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тиешелүү деңгээлде саламаттык сактоо уюмдарынын ишин координациялайт, саламаттык сактоо боюнча өздөрүнүн координациялык комиссиялары аркылуу саламаттык сактоо жаатындагы улуттук, мамлекеттик жана максаттуу программалардын аткарылышын контролдойт. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын алдындагы саламаттык сактоо боюнча координациялык комиссияларынын төрагалары - тийиштүү жергиликтүү администрациялардын жана Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү өзлдынча башкаруу органдарынын башчылары же болбосо алардын орун басарлары жетектейт. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын алдындагы саламаттык сактоо боюнча координациялык комиссиялары өзүнүн ишин тийиштүү жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бекиткен жобого ылайык жүзөгө ашырат. Мамлекеттик жана муниципалдык менчик түрүндөгү саламаттык сактоо уюмдары жогорку медициналык же экономикалык билими бар, "саламаттык сактоону башкаруу" адистиги боюнча аттестациядан жана каттоодон өткөн жетекчилер тарабынан башкарылат. "Саламаттык сактоону башкаруу" адистиги боюнча даярдыктан өткөн адистерди аттестациядан жана каттоодон өткөрүүнүн, ошондой эле аларды мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарында жетекчилик кызматка дайындоонун тартиби Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укук берилген мамлекеттик органы тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1515/st-18)  
Кийинки берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1515/st-20)
