7-статья. «Ысык-Көл» ЭЭТсынын бүтүндүгүн сактоо үчүн жаратылыш дареметин жөнгө салуунун укуктук объекти
Күчүндө · 13.08.2025 редакциясы · 2-бөлүм
Төмөнкү тутумчалардан:
- Ысык-Көл көлүнүн акваториясынан;
- жээкке жанаша жаткан зонадан;
- тоо этектеринин жана бөксө тоолордун сел жүрүүчү зоналарынан;
- бийик тоолуу зоналардан турган, тарыхый калыптанган жана мейкиндикте өзгөчөлөнгөн бирдиктүү тутум «Ысык-Көл» ЭЭТсынын жаратылыш дареметин жөнгө салуунун укуктук объекти болуп саналат.
Көлдүн суу массасы, жээкке жанаша жаткан аймак, суулуу-саздак жерлер жана курчап турган тоо чокулары (мөңгүлөр), жер үстүндөгү жана жер астындагы суулар, жаратылыш ландшафттары, аба бассейни, өсүмдүктөр жана канаттуулар «Ысык-Көл» ЭЭТсынын жаратылыш чөйрөсүнүн укуктук режиминин объекттери болуп саналат. «Ысык-Көл» ЭЭТсынын жаратылыш даремети Кыргызстандын элдеринин азыр жашап жаткан жана болочоктогу муундарынын кенчи болуп саналат жана алардын өнүгүүсүнүн негизги ресурсу катары каралат. Жаратылыш дареметинин айрым ресурстарынын укуктук статусу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте жөнгө салынат. (КР 2013-жылдын 19-октябрындагы № 196, 2023-жылдын 23-майындагы № 105 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 13.08.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
7-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 23 мая 2023 года № 105 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об устойчивом развитии эколого-экономической системы "Иссык-Куль", "О залоге")"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 19 октября 2013 года № 196 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об устойчивом развитии эколого-экономической системы «Иссык-Куль"Редакцияларды салыштыруу
23.05.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…айрым ресурстарынын укуктук статусу Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте жөнгө салынат.
(КР 2013-жылдын 19-октябрындагы № алынып салынды: 196 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 196, 2023-жылдын 23-майындагы № 105 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1514/st-7" title="7-статья - Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык тутумун өнүктүрүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>