# 6-статья. «Ысык-Көл» ЭЭТсынын жаратылыштык дареметинин мазмуну

- Документ: [Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык тутумун өнүктүрүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1514)
- Документтеги орду: 2-бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 13-августундагы № 115 "Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык тутумун өнүктүрүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 115
- Кабыл алынган күнү: 13.08.2004
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1514/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1448/edition/1254846/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1514/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык тутумун өнүктүрүү жөнүндө, 6-статья (13.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1514/st-6

---

«Ысык-Көл» ЭЭТсынын жаратылыштык дареметин төмөнкү ресурстар түзөт:

- бардык абалдагы жана орун алган жердеги (жер үстүндө, жер астында, мөнгүлөрдө, кар корлорунда, туздуу, таза, жылуу жана ушуга окшогондордо) суу ресурстары;

- жер ресурстары (айыл чарбасына жарактуу, калктуу конуштардын, өнөр жайдын, транспорттун жерлери, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары, суу жана токой фонддору жана башкалар);

- жер казынасынын ресурстары;

- атмосфера ресурстары;

- биологиялык ар түрдүүлүк ресурстары, анын ичинде токойлор.

---

Мурунку берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1514/st-5)  
Кийинки берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1514/st-7)
