33-статья. Пайдалуу кендерди иштеп чыгуу
Күчүндө · 13.08.2025 редакциясы · 4-бөлүм
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 19 октября 2013 года № 196
Жаңы кендерди иштеп чыгуу жөнүндө чечим айлана-чөйрөгө көрсөтүлгөн таасирге баа берүүнүн негизинде жана Кыргыз Республикасынын экологиялык экспертиза чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салуучу мыйзамдарына ылайык кабыл алынат. Менчигинин түрүнө карабастан пайдалуу кендерди иштеп чыгууну жүзөгө ашыруучу бардык ишканаларда милдеттүү түрдө мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусу болууга тийиш. Кен чыккан жерлерди пайдаланууну жүзөгө ашыруучу юридикалык жана жеке жактар глобалдык, региондук жана улуттук маанидеги жаратылыш эстеликтерине терс таасир тийгизгендик үчүн жоопкерчилик тартат. Ар кандай пайдалануу кен чыккан жерди пайдаланууну аяктоо милдеттүү түрдө бузулган ландшафтты кайра культивациялоо иштерин жүргүзүү менен жүзөгө ашырылат. (КР 2013-жылдын 19-октябрындагы № 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 13.08.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
33-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 19 октября 2013 года № 196 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об устойчивом развитии эколого-экономической системы «Иссык-Куль"Редакцияларды салыштыруу
19.10.2013 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…айлана-чөйрөгө көрсөтүлгөн таасирге баа берүүнүн негизинде жана алынып салынды: "Экологиялык эспертиза жөнүндө" Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Мыйзамына кошулду: экологиялык экспертиза чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салуучу мыйзамдарына ылайык кабыл алынат.
Менчигинин түрүнө карабастан пайдалуу кендерди … кайра культивациялоо иштерин жүргүзүү менен жүзөгө ашырылат.
кошулду: (КР 2013-жылдын 19-октябрындагы № 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1514/st-33" title="33-статья - Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык тутумун өнүктүрүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>