# 31-статья. Өнөр жай өндүрүшү

- Документ: [Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык тутумун өнүктүрүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1514)
- Документтеги орду: 4-бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 13-августундагы № 115 "Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык тутумун өнүктүрүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 115
- Кабыл алынган күнү: 13.08.2004
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.08.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 21 августа 2020 года № 137 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Закон Кыргызской Республики "Об устойчивом развитии эколого-экономической системы "Иссык-Куль", Кодекс Кыргызской Республики о проступках, Уголовный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112141)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1514#diff=1254853..13441>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1514/st-31>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1448/edition/1254846/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1514/st-31.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык тутумун өнүктүрүү жөнүндө, 31-статья (13.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1514/st-31

---

Өнөр жай өндүрүшү жогорку технологияларга жана экологиялык жактан туюк циклдерге негизделет. Ресурстарды көп талап кылган жана айлана-чөйрөнү булгоочу өнөр жай өндүрүшүн өнүктүрүүгө курууга жана пайдаланууга жол берилбейт. Айыл чарба азыктарын кайра иштеп чыгуу жана балык өстүрүүчүлүк өнөр жайды өнүктүрүүнүн артыкчылык берилген багыты болуп саналат. Өнөр жай өндүрүшүнүн бардык объекттеринде мамлекеттик экологиялык экспертизанын корутундусу болууга тийиш. Өнөр жай өндүрүшүнүн, башка жарандык жана коммерциялык объекттердин (анын ичинде коомдук тамактануу объекттеринин, автомашина жуучу жайлардын) агынды сууларын "Ысык-Көл" ЭЭТтин аймагындагы суу объекттерине, суулардын нуктарына чыгарууга тыюу салынат. (КР 2020-жылдын 21-августундагы № 137 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [30-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1514/st-30)  
Кийинки берене: [32-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1514/st-32)
