# 20-статья. Рекреация объекттерине болгон укуктар

- Документ: [Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык тутумун өнүктүрүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1514)
- Документтеги орду: 4-бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 13-августундагы № 115 "Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык тутумун өнүктүрүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 115
- Кабыл алынган күнү: 13.08.2004
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.08.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 17 июля 2024 года № 119 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об устойчивом развитии эколого-экономической системы "Иссык-Куль"](https://aqlex.ai/kg/doc/230010720)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 17.07.2024 [Закон КР от 17 июля 2024 года № 119 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об устойчивом развитии эколого-экономической системы "Иссык-Куль"](https://aqlex.ai/kg/doc/230010720); 23.05.2023 [Закон Кыргызской Республики от 23 мая 2023 года № 105 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об устойчивом развитии эколого-экономической системы "Иссык-Куль", "О залоге")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112587); 17.06.2017 [Закон КР от 17 июня 2017 года № 108 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об устойчивом развитии эколого-экономической системы "Иссык-Куль"](https://aqlex.ai/kg/doc/111618); 19.10.2013 [Закон КР от 19 октября 2013 года № 196 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об устойчивом развитии эколого-экономической системы «Иссык-Куль"](https://aqlex.ai/kg/doc/205059)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1514#diff=31337..31338>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1514/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1448/edition/1254846/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1514/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык тутумун өнүктүрүү жөнүндө, 20-статья (13.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1514/st-20

---

Рекреация объекттери Кыргыз Республикасынын, Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана юридикалык жактарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана өзалдынча башкаруу органдарынын менчигинде болушу мүмкүн. Жер участокторун кошпогондо, рекреация объекттери чет өлкөлүк жарандардын, чет өлкөлүк юридикалык жактардын жеке менчигинде болушу мүмкүн. Чет өлкөлүк жарандардын же юридикалык жактардын же болбосо башка чет өлкөлүк элементтин катышуусу менен татаалдашкан бардык жарандык-укуктук мамилелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат. Рекреациялык объекттерге пайдаланылуучу жер участоктору чет өлкөлүк жарандарга, чет өлкөлүк юридикалык жактарга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипке ылайык, мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилет. (Бөлүк КР 2024-жылдын 17-июлундагы № 119 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (Бөлүк КР 2024-жылдын 17-июлундагы № 119 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) Рекреация объекттеринин менчик ээлери, ошондой эле ижарачылары рекреация объекттеринин иштешин камсыз кылууга милдеттүү.

Сейил бактык-пляждык зонанын жер участоктору эреже катары түздөн-түз сейил бактык-пляждык зонага чектеш курорттук-рекреациялык мекемелерге же башкаларга салыштырганда сейил бактык-пляждык зонага кыйла жакын курорттук-рекреациялык мекемелерге ижара шарттарында берилиши мүмкүн. Сейил бактык-пляждык зонаны ижарага берүү шарттары жана тартиби, ошондой эле бир эле субъектке өткөрүп берүүгө жол берилген сейил бактык-пляждык зоналардын чектүү аянттары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык аныкталат. Белгиленген тартипте ижара шарттарында пайдаланууга берилген сейил бактык-пляждык зона ижарачы тарабынан тосулууга тийиш эмес. Ижарачылар, сейил бактык-пляждык зоналарды пайдалануучулар, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тиешелүү сейил бактык-пляждык зоналардын тазалыгын жана коопсуздугун камсыз кылышат.

(Бөлүк КР 2024-жылдын 17-июлундагы № 119 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

Сейил бактык-пляждык зонанын жер участогун пайдаланганы үчүн ижара акы жана аны төлөө тартиби келишимдин негизинде белгиленет.

Ушул Мыйзам чыкканга чейин рекреация объекттерин менчиктештирип же сатып алган юридикалык жана жеке жактар үчүн аларды иштетүүнү камсыз кылуунун үч жылдык мөөнөтүн эсептөө ушул Мыйзам күчүнө кирген учурдан тартып башталат. (Бөлүк КР 2024-жылдын 17-июлундагы № 119 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) Курорттук-рекреациялык объекттердин иштешин камсыз кылуу максатында ал объекттерди бөлүп-бөлүп кайра сатууга жол берилбейт. (КР 2013-жылдын 19-октябрындагы № 196, 2017-жылдын 17-июнундагы № 108, 2023-жылдын 23-майындагы № 105, 2024-жылдын 17-июлундагы № 119 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [19-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1514/st-19)  
Кийинки берене: [21-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1514/st-21)
