# 19-статья. Жаратылыш ресурстарын рекреация максаты үчүн пайдалануу

- Документ: [Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык тутумун өнүктүрүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1514)
- Документтеги орду: 4-бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 13-августундагы № 115 "Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык тутумун өнүктүрүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 115
- Кабыл алынган күнү: 13.08.2004
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1514/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1448/edition/1254846/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1514/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык тутумун өнүктүрүү жөнүндө, 19-статья (13.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1514/st-19

---

Рекреация үчүн жарактуу жерлерге жээкке жанаша жайгашкан, тоо этегиндеги, бөксө тоолуу жана бийик тоолуу зоналар кирет. Ысык-Көл көлүнүн акваториясы, бальнеологиялык, баткак, спелеологиялык, жаратылыш-ландшафттык жана башка ресурстар рекреация объекттеринин иштешин аныктоочу факторлор болуп саналат. Рекреация объекттери үчүн бөлүнүп берилген жерлердин ченеми:

- курорттор үчүн - 1 адамга 0,01 гектарды;

- санаторийлер үчүн - 1 адамга 0,02 гектарды;

- башка объекттер үчүн - 1 адамга 0,005 гектарды түзөт.

Ысык-Көл көлүнөн 100 метрден кем аралыкта капиталдык курулуш курууга тыюу салынат. Ысык-Көл көлүнөн 500 метрден жакын жерге рекреация объекттеринен тышкары объекттерди курууга жана пайдаланууга тыюу салынат. Жаратылыш ландшафттарынын көркүн архитектуранын талаптарына ылайык келбеген колдон жасалган объекттер менен «булгоого» тыюу салынат. Жашылдандыруунун ченеми - рекреация объектинин ар бирине кеминде 50 пайыз жана сейил бак жана токой сейил бак объекттерине кеминде 70 пайыз.

---

Мурунку берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1514/st-18)  
Кийинки берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1514/st-20)
