# 171-статья. Суу объекттерин коргоону камсыз кылуучу экологиялык коопсуздук талаптары

- Документ: [Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык тутумун өнүктүрүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1514)
- Документтеги орду: 4-бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 13-августундагы № 115 "Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык тутумун өнүктүрүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 115
- Кабыл алынган күнү: 13.08.2004
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.08.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 21 августа 2020 года № 137 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Закон Кыргызской Республики "Об устойчивом развитии эколого-экономической системы "Иссык-Куль", Кодекс Кыргызской Республики о проступках, Уголовный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112141)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1514#diff=1254853..13441>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1514/st-171>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1448/edition/1254846/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1514/st-171.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык тутумун өнүктүрүү жөнүндө, 171-статья (13.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1514/st-171

---

1. Суу объекттерин коргоо максатында төмөндөгүлөргө тыюу салынат:

- айыл чарбалык, рекреациялык жана ден соолукту чыңдоочулук максаттарда чарбалык-ичүүчү, коммуналдык-тиричиликтик жана балык чарбалык арналышта пайдаланылуучу суу объекттерине, ошондой эле жер астындагы горизонтко жана сугат талааларга тазаланбаган, зыянсыздандырылбаган жана жушугсуздандырылбаган агынды сууларды чыгарууга;

- канализациялык системага кабыл алуу талаптарына жооп бербеген, локалдык тазалагыч курулмаларда алдын ала тазаланбаган өндүрүштүк агынды сууларды шаардык жана шаарчалык канализациялардын системаларына бурууга;

- аныктоо методдору белгиленбеген заттарды камтыган өндүрүштүк агынды сууларды канализация системаларына чыгарууга;

- чарбалык жана башка иштин стационардык объекттерин агынды сууларды тазалоочу түзүлүштөр жана алардын иштөөсүн контролдоочу каражаттар менен жабдыбастан ишке киргизүүгө жана пайдаланууга;

- өндүрүштүк, тиричиликтик жана башка калдыктарды суу объекттерине чыгарууга жана чөктүрүүгө, анын ичинде суу объекттерин жана алардын жээктерин калдыктар менен булгоого.

- агынды суулардын тунмаларын санкцияланбаган жерлерде жайгаштырууга же сактоого;

2. Рекреация объекттеринин менчик ээлери же аларды пайдалануучу ижарачылар, агынды суулардын жаралышына алып келүүчү чарбалык же башка иштин субъекттери:

- суу объекттерине булгоочу заттарды чыгарууга белгиленген чектөөлөрдү сактоону жана булгоочу заттарды азайтуу боюнча пландалган иш-чараларды жүзөгө ашырууну камсыз кылат;

- жер үстүндөгү жана жер астындагы булактардан алынуучу суулардын эсебин жүргүзөт;

- агынды сууларды канализация системаларына чыгаруу үчүн аларды тазалоого арналган жабдууларды жана курулмаларды пайдалануунун эрежелерин жана режимин сактайт.

(КР 2020-жылдын 21-августундагы № 137 Мыйзамынын редакцияcына ылайык)

---

Мурунку берене: [17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1514/st-17)  
Кийинки берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1514/st-18)
