# 17-статья. Жаратылыштык-чарбалык ишти чектөө

- Документ: [Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык тутумун өнүктүрүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1514)
- Документтеги орду: 4-бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 13-августундагы № 115 "Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык тутумун өнүктүрүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 115
- Кабыл алынган күнү: 13.08.2004
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.08.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 14 марта 2025 года № 54 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Закон Кыргызской Республики "Об устойчивом развитии эколого-экономической системы "Иссык-Куль", Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230023749)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 14.03.2025 [Закон КР от 14 марта 2025 года № 54 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Закон Кыргызской Республики "Об устойчивом развитии эколого-экономической системы "Иссык-Куль", Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230023749); 21.08.2020 [Закон КР от 21 августа 2020 года № 137 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Закон Кыргызской Республики "Об устойчивом развитии эколого-экономической системы "Иссык-Куль", Кодекс Кыргызской Республики о проступках, Уголовный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112141); 19.10.2013 [Закон КР от 19 октября 2013 года № 196 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об устойчивом развитии эколого-экономической системы «Иссык-Куль"](https://aqlex.ai/kg/doc/205059); 08.02.2010 [Закон КР от 8 февраля 2010 года № 24 "О внесении дополнения в Закон Кыргызской Республики "Об устойчивом развитии эколого-экономической системы "Иссык-Куль""](https://aqlex.ai/kg/doc/202916)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1514#diff=31337..31338>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1514/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1448/edition/1254846/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1514/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык тутумун өнүктүрүү жөнүндө, 17-статья (13.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1514/st-17

---

«Ысык-Көл» ЭЭТсынын аймагында жаратылыш процесстеринин табигый өсүшүнө же жаратылыш комплекстерине жана объекттерине терс таасир тийгизүүчү чарбалык жана башка иштерге, атап айтканда:

- Ысык-Көл көлүн же анын бир бөлүгүн, ошондой эле суу топтоо аянттарын агынды сууларды, зыяндуу заттарды агызуу жана чыгаруу, пестициддерди, агрохимикаттарды, радиоактивдүү заттарды пайдалануу, транспортту пайдалануу, эки такттуу стационардык жана бардык типтеги, анын ичинде кустардык өндүрүштөгү асылма кыймылдаткычы бар сүзүүчү каражаттарды кошкондо, өндүрүштүн жана керектөөнүн калдыктарын жайгаштыруу жана которуштуруу, ошондой эле чарбалык-тиричилик жана өндүрүштүк агын сууларды көлгө жана ага агып кирүүчү өзөндөргө агызуу менен байланышкан химиялык булгоолорго;

- Ысык-Көл көлүнүн же анын бир бөлүгүнүн абалынын өзгөрүшүнө (суунун температуралык режиминин, суунун денгээлинин көрсөткүчтөрүнүн жол берилген чектердеги маанилерден башкача өзгөрүшү);

-Ысык-Көлгө куюлган суулардын жанындагы пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүүгө; -Ысык-Көлдү жана жээкке жанаша жаткан зонаны өндүрүш жана керектөө калдыктары менен булгоого;

- Ысык-Көл көлүндө жана Ысык-Көл көлү менен туруктуу же убактылуу байланышы бар суу объекттеринде Ысык-Көл көлүнүн экологиялык тутумуна коошпогон суу жаныбарларын жана өсүмдүктөрдү пайдаланууга, өстүрүүгө же климатташтыруута байланышкан Ысык-Көл көлүн биологиялык булгоого тыюу салынат.

- тазалагыч курулмалар болуп саналбаган топтогучтарга, чогултма аңдарга, септиктерге жана башка ыңгайлаштырылмаларга рекреация объекттеринен агынды сууларды агызууну жүзөгө ашырууга.

Ысык-Көл көлүнүн жээгинде жайгашкан курорттук-рекреациялык мекемелердин администрациясы алардын аймагындагы пляждарга жана массалык эс алуунун башка жайларына жергиликтүү калктын барышына чек коюуга укуксуз. Курорттук-рекреациялык мекемелер же алардын бир бөлүгү чет өлкөлүк жарандар жана юридикалык жактар тарабынан ижарага алынган учурларда алардын кызматкерлеринин кеминде 90 пайызын Кыргыз Республикасынын жарандары түзүүгө тийиш. Жаратылышты пайдаланууга же чарба жүргүзүүнүн салтка айланган түрлөрүнө ар кандай чектөөлөрдү коюуларды киргизүү жергиликтүү калкка материалдык компенсация берүү менен жүзөгө ашырылууга тийиш. Көлдүн өзүнүн фаунасына коошпогон күнжеле форель же балыктын бөлөк түрлөрүн багууга жана өстүрүүгө байланышкан садок чарбаларынын Ысык-Көлдө иштешине, ошондой эле балык кармоо үчүн монофильдик түйүнсүз торлорду пайдаланууга тыюу салынат. Ысык-Көл" ЭЭТтин аймагында агынды суулардын көлөмүнүн орточо суткалык көрсөткүчү калкка белгиленген тартипте үй чарбалары үчүн аныкталган орточо суткалык көрсөткүчүнөн ашкан өнөр жайлык, рекреациялык объекттердин жаныларын курууга жана иштеп жаткандарын реконструкциялоого, мындай объекттердин долбоордук документтерине мамлекеттик курулуштук экспертизанын жана мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусу болбосо, тыюу салынат.

Ысык-Көл көлүнүн аймагында экологиялык ченемдерди жана коопсуздук эрежелерин милдеттүү түрдө сактоо менен, Ысык-Көл көлүнүн атайын бөлүнгөн туристтик зоналарында, адамдардын жана эс алуучулардын массалык топтолуусу жок жерлеринде төрт такттуу кыймылдаткычы жана электр кыймылдаткычы бар суу мотоциклин (гидроциклди, скутерди) пайдаланууга уруксат берилет. Куткаруу иштеринде жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан иш-чараларды өткөрүүдө гидроциклдерди пайдаланууга чектөөлөр коюлбайт. Төрт такттуу кыймылдаткычы жана электр кыймылдаткычы бар суу мотоциклин (гидроциклди, скутерди) пайдалануу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

(КР 2010-жылдын 8-февралындагы № 24, 2013-жылдын 19-октябрындагы № 196, 2020-жылдын 21-августундагы № 137, 2025-жылдын 14-мартындагы № 54 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1514/st-16)  
Кийинки берене: [171-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1514/st-171)
