# 12-статья. «Ысык-Көл» ЭЭТсынын биологиялык ар түрдүүлүгү

- Документ: [Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык тутумун өнүктүрүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1514)
- Документтеги орду: 2-бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 13-августундагы № 115 "Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык тутумун өнүктүрүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 115
- Кабыл алынган күнү: 13.08.2004
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.08.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 23 мая 2023 года № 105 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об устойчивом развитии эколого-экономической системы "Иссык-Куль", "О залоге")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112587)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 23.05.2023 [Закон Кыргызской Республики от 23 мая 2023 года № 105 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об устойчивом развитии эколого-экономической системы "Иссык-Куль", "О залоге")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112587); 19.10.2013 [Закон КР от 19 октября 2013 года № 196 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об устойчивом развитии эколого-экономической системы «Иссык-Куль"](https://aqlex.ai/kg/doc/205059)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1514#diff=1254853..13441>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1514/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1448/edition/1254846/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1514/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык тутумун өнүктүрүү жөнүндө, 12-статья (13.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1514/st-12

---

«Ысык-Көл» ЭЭТсынын жаратылыш чөйрөсү глобалдык, региондук (Борборазиялык), улуттук жана жергиликтүү биологиялык ар түрдүүлүктү сактоочу жай болуп саналат. Ысык-Көлдүн жаратылыш чөйрөсүнүн биологиялык ар түрдүүлүгүн түзүүчү жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсү, анын ичинде эндемикалык жана өзгөчө баалуу түрлөр Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте эсепке алынууга, мамлекет тарабынан корголууга жана пайдаланылышы контролго алынууга тийиш. Өлүү жана жок болуу коркунучу алдында турган түрлөр тиешелүү дең- гээлдеги Кызыл китепке Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте киргизилүүгө тийиш. Табигый жана жасалма өстүрүлгөн дарак, бадал жана башка өсүмдүктөрдүн жыйындысы «Ысык-Көл» ЭЭТсынын токой экосистемаларындагы корголуучу объекттер болуп саналат. Жанаша жаткан табигый чычырканак бадалдары «Ысык-Көл» ЭЭТсынын өзгөчө коргоосунда болот, аларда чычырканакты кыюуга, түбү менен казып алууга, жаш бутактарын сындыруу (кесүү) жолу менен чычырканактын мөмөсүн терүүгө тыюу салынат. (КР 2013-жылдын 19-октябрындагы № 196, 2023-жылдын 23-майындагы № 105 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1514/st-11)  
Кийинки берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1514/st-13)
