# 9-статья. Таламдардын кагылышуусу

- Документ: [Мамлекеттик кызмат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1513)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 11-августундагы № 114 "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.05.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 30 мая 2016 года № 75 "О государственной гражданской службе и муниципальной службе"](https://aqlex.ai/kg/doc/111354)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 10 августа 2012 года № 164 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203764)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1513#diff=838636..838637>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1513/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1447/edition/838621/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1513/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.05.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик кызмат жөнүндө, 9-статья (30.05.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1513/st-9

---

Таламдардын кагылышуусу кызмат адамынын чечими өзүнүн кызматтык ыйгарым укуктарынын артыкчылыгын пайдалануу жолу менен жеке таламдарын илгерилетүүгө алардын жеке кызыкчылыктары таасир этиши мүмкүн болгон кырдаалда келип чыгат. Таламдардын кагылышуусу кызмат адамдарынын мамлекеттин кыйла кеңири таламдары менен сөзсүз төп келбей турган чечимдерди кабыл алуусуна алып келет. Таламдардын кагылышуусу жөнүндө белгилүү болгон мамлекеттик кызматчы таламдардын реалдуу жана дараметтүү кагылышуусунун келип чыгышына жол бербөө үчүн чараларды көрүүгө милдеттүү. Таламдардын кагылышуусу пайда болгондо мамлекеттик кызматчы тез арада бул жөнүндө түздөн-түз жетекчисине билдирүүгө милдеттүү, жетекчи болсо таламдардын кагылышуусунун терс кесепеттерин болтурбоо боюнча төмөнкүдөй чараларды көрүүгө милдеттүү:

- аткаруунун жүрүшүндө таламдардын кагылышуусу келип чыккан милдеттерди аткаруудан (функцияларды ишке ашыруудан) мамлекеттик кызматчыны убактылуу четтетүүгө, болбосо;

- аткаруунун жүрүшүндө таламдардын кагылышуусу келип чыккан милдеттерди мамлекеттик кызматчы тарабынан аткарышына контролдукту күчөтүүгө.

Кызыкчылыктардын кагылышуусун алдын алуу маселеси боюнча түздөн-түз баш ийген мамлекеттик кызматчы кайрылган учурда, мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан чара көрүлбөсө, ишенимин жоготууга байланыштуу жетекчини жумуштан алууга негиз болуп саналат. (КР 2012-жылдын 10-августундагы № 164 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1513/st-8)  
Кийинки берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1513/st-10)
