# 8-статья. Мамлекеттик кызматчынын негизги укуктары

- Документ: [Мамлекеттик кызмат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1513)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 11-августундагы № 114 "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.05.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 30 мая 2016 года № 75 "О государственной гражданской службе и муниципальной службе"](https://aqlex.ai/kg/doc/111354)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 февраля 2015 года № 30 "О внесении дополнения в Закон Кыргызской Республики "О государственной службе"](https://aqlex.ai/kg/doc/205433)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1513#diff=838642..838643>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1513/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1447/edition/838621/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1513/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.05.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик кызмат жөнүндө, 8-статья (30.05.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1513/st-8

---

Мамлекеттик кызматчы төмөнкүлөргө укугу бар:

1) жетекчилер, кесиптештер жана жарандар тарабынан өзүнө карата жеке кадыр-баркы урматталышына, адилеттүү жана урмат-сый менен мамиле кылынышына;

2) кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматты, документтерди жана башка материалдарды белгиленген тартипте алууга;

3) кызматтык ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууда мыйзамдарда белгиленген тартипте мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдарга барууга;

4) мамлекет тарабынан берилген ыйгарым укуктардын көлөмүндө тиешелүү мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары, юридикалык жактар жана жарандар Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле өзүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде мамлекеттик кызматчы тарабынан кабыл алынган чечимдерди аткарышын талап кылуута;

5) эмгек акыны, өргүүнү жана тиешелүү жеңилдиктерди алууга;

6) ден соолугу үчүн эмгектин коопсуз шарттарын түзүүтө;

7) өзүнүн кесиптик квалификациясын жогорулатуу үчүн окууга;

8) өзүнүн билимин, компетенттүүлүгүн, кесиптик квалификациясын, тажрыйбасын жана кызматтык ишинин натыйжаларын эске алуу менен кызмат боюнча көтөрүлүүгө;

9) чечимдерди кабыл алууга же аларды даярдоого жана карап чыгууга катышууга;

10) так аныкталган кызматтык ыйгарым укуктарды бекитүүнү жетекчиден талап кылууга;

11) өз укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоого, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кызмат адамдарынын укукка сыйбаган аракеттерине даттанууга;

12) кызматчынын пикири боюнча, негизсиз айыптоолорду же шектенүүлөрдү алып салуу максатында кызматтык териштирүүнү жүргүзүүнү талап кылууга;

13) өзүн, анын ичинде мыйзамдарда каралган учурларда, үй-бүлө мүчөлөрүн да мамлекет тарабынан пенсия менен камсыз кылууга, социалдык жана укуктук жактан коргоого;

14) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте өз каалоосу боюнча иштен бошонууга;

15) жетекчинин оозеки тескемесинин мыйзамдуулугу жагынан шектенүү келип чыккан учурда, бул тескемени жазуу жүзүндө тастыктоону талап кылууга;

16) кесиптик бирликтерге биригүүгө:

17) жетекчи тарабынан куугунтукка алынуудан коргонууга;

18) мамлекеттик кызматта турган убакта аларды ишеним башкарууга өткөрүп берүү менен акцияларга, башка баалуу кагаздарга (катышуу үлүштөрүнө, уюмдардын уставдык (салымдык) капиталынын пайларына) ээлик кылууга.

Мамлекеттик кызматчылар ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка укуктарга да ээ. Мамлекеттик органдардын жетекчилери жана статс - катчылары мамлекеттик кызматчынын ушул Мыйзамда каралган укуктарын ишке ашырууну камсыз кылууга милдеттүү. (КР 2015-жылдын 3-февралы № 30 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1513/st-7)  
Кийинки берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1513/st-9)
