# 7-статья. Мамлекеттик кызматчынын негизги милдеттери

- Документ: [Мамлекеттик кызмат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1513)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 11-августундагы № 114 "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.05.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 30 мая 2016 года № 75 "О государственной гражданской службе и муниципальной службе"](https://aqlex.ai/kg/doc/111354)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 10 августа 2012 года № 164 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203764)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 10.08.2012 [Закон КР от 10 августа 2012 года № 164 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203764); 26.05.2012 [Закон КР от 26 мая 2012 года № 67 "О внесении изменения и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О государственной службе"](https://aqlex.ai/kg/doc/203667)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1513#diff=838636..838637>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1513/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1447/edition/838621/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1513/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.05.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик кызмат жөнүндө, 7-статья (30.05.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1513/st-7

---

Мамлекеттик кызматчы төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоого;

2) өзүнүн кызматтык ыйгарым укуктарын ак ниеттүү аткарууга;

3) Мамлекеттик органдын мамлекеттик кызматчысынын этика Кодексин сактоого;

4) чечим кабыл алууда Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарды жана ченемдик укуктук актыларды жетекчиликке алуу менен өзүнүн кызматтык парзын акниеттүүлук менен аткарууга;

5) (КР 2012-жылдын 26-майындагы№67 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

6) жогору турган жетекчилердин жана тиешелүү мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарынын чектеринде чыгарылуучу алардын буйруктарын, тескемелерин, көрсөтмөлөрүн жана башка чечимдерин аткарууга. Мыйзамга каршы келген буйрукту, тескемени же көрсөтмөнү алган учурда мамлекеттик кызматчы мыйзамдын жоболорун жетекчиликке алууга милдеттүү;

7) жарандардын укуктарынын, эркиндиктеринин жана таламдарынын бузулушуна жол бербөөгө;

8) жарандардын, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын жана мамлекеттик органдардын кайрылууларын карап чыгууга, алар боюнча мыйзамдарга ылайык чечимдерди өз учурунда жана калыс кабыл алууга;

9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуунун өзүнө белгилүү болуп калган фактылары жөнүндө жетекчиликке жана тиешелүү мамлекеттик органдарга дароо маалымдоого;

10) өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон кесиптик квалификация деңгээлине ээ болууга;

11) мыйзам тарабынан корголуучу мамлекеттик, кызматтык, анын ичинде мамлекеттик кызматтан кеткенден кийинки мезгилдин ичинде мыйзам тартибинде белгиленген жана башка сырларды сактоого;

12) кызматтык милдеттерди аткарууда жарандардын жеке турмушуна, ар-намысына жана беделине тиешелүү сырларды сактоого жана мыйзамда каралгандан башка учурларда, алардан ушундай маалыматтарды берүүнү талап кылбоого;

13) мамлекеттик мүлккө жана менчикке сарамжалдуулук менен мамиле жасоого жана сакталышын камсыз кылууга;

14) ушул Мыйзамда белгиленген мамлекеттик кызматты өтөөгө байланышкан чектөөлөрдү өзүнө алууга.

15) эгерде анын иши мамлекеттик сыр менен байланышкан болсо, Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары чыккан учурда тиешелүү министрликтердин, ведомстволордун, ишканалардын, мекемелердин же уюмдардын режимдик-жашыруун бөлүмдөрүн алдын ала кабарлоого милдеттүү;

16) өзүнүн кирешелери, мүлкү жана мүлктүк мүнөздөгү милдеттенмелери жөнүндө маалыматты, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен белгиленген тартипте өзүнүн жубайынын жана жашы жете элек балдарынын кирешелери, мүлкү жана мүлктүк мүнөздөгү милдеттенмелери жөнүндө маалымат берүүгө.

Мамлекеттик кызматчы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка милдеттерге ээ болушу мүмкүн. (КР 2012-жылдын 26-майындагы № 67, 2012-жылдын 10-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1513/st-6)  
Кийинки берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1513/st-8)
