Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
7-статья. Мамлекеттик кызматчынын негизги милдеттери
Күчүн жоготкон · 30.05.2016 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 30 мая 2016 года № 75.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 10 августа 2012 года № 164
Мамлекеттик кызматчы төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоого;
2) өзүнүн кызматтык ыйгарым укуктарын ак ниеттүү аткарууга;
3) Мамлекеттик органдын мамлекеттик кызматчысынын этика Кодексин сактоого;
4) чечим кабыл алууда Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарды жана ченемдик укуктук актыларды жетекчиликке алуу менен өзүнүн кызматтык парзын акниеттүүлук менен аткарууга;
5) (КР 2012-жылдын 26-майындагы№67 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
6) жогору турган жетекчилердин жана тиешелүү мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарынын чектеринде чыгарылуучу алардын буйруктарын, тескемелерин, көрсөтмөлөрүн жана башка чечимдерин аткарууга. Мыйзамга каршы келген буйрукту, тескемени же көрсөтмөнү алган учурда мамлекеттик кызматчы мыйзамдын жоболорун жетекчиликке алууга милдеттүү;
7) жарандардын укуктарынын, эркиндиктеринин жана таламдарынын бузулушуна жол бербөөгө;
8) жарандардын, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын жана мамлекеттик органдардын кайрылууларын карап чыгууга, алар боюнча мыйзамдарга ылайык чечимдерди өз учурунда жана калыс кабыл алууга;
9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуунун өзүнө белгилүү болуп калган фактылары жөнүндө жетекчиликке жана тиешелүү мамлекеттик органдарга дароо маалымдоого;
10) өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон кесиптик квалификация деңгээлине ээ болууга;
11) мыйзам тарабынан корголуучу мамлекеттик, кызматтык, анын ичинде мамлекеттик кызматтан кеткенден кийинки мезгилдин ичинде мыйзам тартибинде белгиленген жана башка сырларды сактоого;
12) кызматтык милдеттерди аткарууда жарандардын жеке турмушуна, ар-намысына жана беделине тиешелүү сырларды сактоого жана мыйзамда каралгандан башка учурларда, алардан ушундай маалыматтарды берүүнү талап кылбоого;
13) мамлекеттик мүлккө жана менчикке сарамжалдуулук менен мамиле жасоого жана сакталышын камсыз кылууга;
14) ушул Мыйзамда белгиленген мамлекеттик кызматты өтөөгө байланышкан чектөөлөрдү өзүнө алууга.
15) эгерде анын иши мамлекеттик сыр менен байланышкан болсо, Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары чыккан учурда тиешелүү министрликтердин, ведомстволордун, ишканалардын, мекемелердин же уюмдардын режимдик-жашыруун бөлүмдөрүн алдын ала кабарлоого милдеттүү;
16) өзүнүн кирешелери, мүлкү жана мүлктүк мүнөздөгү милдеттенмелери жөнүндө маалыматты, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен белгиленген тартипте өзүнүн жубайынын жана жашы жете элек балдарынын кирешелери, мүлкү жана мүлктүк мүнөздөгү милдеттенмелери жөнүндө маалымат берүүгө.
Мамлекеттик кызматчы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка милдеттерге ээ болушу мүмкүн. (КР 2012-жылдын 26-майындагы № 67, 2012-жылдын 10-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 30.05.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 10 августа 2012 года № 164 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 26 мая 2012 года № 67 "О внесении изменения и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О государственной службе"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Берене боюнча Пленумдун түшүндүрмөлөрү жана сот практикасы (1)
Бул беренени колдонгон Жогорку Соттун Пленумунун токтомдору жана Конституциялык соттун чечимдери.
- КР Жогорку сотунун конституциялык палатасынын 2014-жылдын 25-июну, № 35-Р "жаран Таалайбек Джапарович Саатовдун кайрылуусунун негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза…Сот практикасы · Решение · 25.06.2014 · № № 35-р
Беренеге цитата келтиргендер (4)
- "Отчет о результатах аудита составления и исполнения республиканского бюджета Кыргызской Республики за 2011 год" (утвержден постановлением Правительства КР от 15 апреля 2013 года…Постановление · 15.04.2013 · № 197
- КР Жогорку сотунун конституциялык палатасынын 2014-жылдын 25-июну, № 35-Р "жаран Таалайбек Джапарович Саатовдун кайрылуусунун негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза…Решение · 25.06.2014 · № № 35-р
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 11-сентябрындагы №568 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик фельдъегердик кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын…Постановление · 11.09.2009 · № 568
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-марты № 118 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-июлундагы № 451 "Мамлекеттик, муниципалдык органдардын жана мамлекеттик, муниципалдык…Постановление · 06.03.2013 · № 118
Беренеде аталган актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралууЗакон · 26.05.2012 · № 67 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1513/st-7" title="7-статья - Мамлекеттик кызмат жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>