# 49-статья. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүү жөнүндө

- Документ: [Мамлекеттик кызмат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1513)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 11-августундагы № 114 "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.05.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 30 мая 2016 года № 75 "О государственной гражданской службе и муниципальной службе"](https://aqlex.ai/kg/doc/111354)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1513/st-49>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1447/edition/838621/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1513/st-49.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.05.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик кызмат жөнүндө, 49-статья (30.05.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1513/st-49

---

Ушул Мыйзам, бюджеттик каражаттардын кошумча чыгымдарын караган жоболордон башкасы, жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Ушул Мыйзамдын бюджеттик каражаттардын кошумча чыгымдарын караган жоболору 2005-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тапшырылсын:

- 2005-жана андан кийинки жылдарга республикалык бюджеттин долбоорун иштеп чыгууда ушул Мыйзамды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон чыгымдарды карасын;

- эки айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- 1999-жылдын 30-ноябрындагы№132 "Мамлекеттик кызмат жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

- 2002-жылдын 25-июлундагы№130 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-статьясы;

- 2003-жылдын 30-июлундагы№160 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-статьясы;

- 2003-жылдын 5-августундагы№190 "Мамлекеттик кызмат жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А. Акаев

---

Мурунку берене: [48-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1513/st-48)
