# 45-статья. Мамлекеттик кызматчынын өргүүсү

- Документ: [Мамлекеттик кызмат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1513)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 11-августундагы № 114 "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.05.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 30 мая 2016 года № 75 "О государственной гражданской службе и муниципальной службе"](https://aqlex.ai/kg/doc/111354)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1513/st-45>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1447/edition/838621/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1513/st-45.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.05.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик кызмат жөнүндө, 45-статья (30.05.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1513/st-45

---

Мамлекеттик кызматчыга ден соолугун чыңдоо үчүн мыйзамда белгиленген эмгек акы өлчөмүндө жөлөкпул төлөп берүү менен узактыгы отуз календардык күнгө ар жылдык акы төлөнүүчү өргүү белгиленет, Мамлекеттик кызматта беш, он жана он беш жылдан ашык иш стажы болгондо ушул статьянын 46-статьясынын талаптарын эске алуу менен акы төлөнүүчү өргүү тийиштүү түрдө эки, төрт жана алты календардык күнгө узартылат. Кээ бир учурларда мамлекеттик кызматчыга анын жазуу жүзүндөгү арызы боюнча эмгек мыйзамдарына ылайык мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан эмгек акысын сактабастан өргүү берилиши мүмкүн.

---

Мурунку берене: [44-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1513/st-44)  
Кийинки берене: [46-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1513/st-46)
