# 44-статья. Мамлекеттик кызматчылардын эмгегине акы төлөө

- Документ: [Мамлекеттик кызмат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1513)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 11-августундагы № 114 "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.05.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 30 мая 2016 года № 75 "О государственной гражданской службе и муниципальной службе"](https://aqlex.ai/kg/doc/111354)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 ноября 2011 года № 215 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203455)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1513#diff=838631..838632>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1513/st-44>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1447/edition/838621/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1513/st-44.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.05.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик кызмат жөнүндө, 44-статья (30.05.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1513/st-44

---

Мамлекеттик кызматчылардын эмгегине акы төлөөнүн бирдиктүү тутуму "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө жана эмгегине акы төлөөнүн шарттары тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык аныкталат. Мамлекеттик кызматчылардын эмгегине акы төлөөнүн бирдиктүү тутуму кызматтык айлык акыдан жана үстөк акыдан турган эмгек акыны караштырат. Эмгегинин натыйжалуулугун жогорулатууга тийиштүү демилгелерди камсыз кылуучу ишке болгон кызыгуусун жогорулатуу, ошондой эле класстык чени жана мамлекеттик кызматтагы кызмат өтөгөн жылдары үчүн мамлекеттик кызматчыга жекече үстөк акылар белгиленет. Кызмат кылган жылдары боюнча пайыздык үстөк акыларды төлөө үчүн мамлкеттик кызматтын стажы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте эсептелет. Мамлекеттик кызматтын стажын эсептөөдө мурдагы СССРдин мамлекеттик бюджетинде турган мамлекеттик, партиялык, советтик, профсоюздук жана комсомолдук органдарынын аппараттарында, министрликтердеги, ведомстволордогу, ишканалардагы, мекемелердеги жана уюмдардагы иши, ошондой эле СССРдин жаыа Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндөгү мөөнөттүү кызматы, туруктуу негиздеги депутаттык милдеттерин аткаруу, ошондой эле мамлекеттик органдын жолдомосу жана сунуштоосу боюнча мамлекетик башкарууну адистештирүү боюнча кайра даярдоодон жана квалификациясын жогорулатуудан өтүү мезгили мамлекеттик кызмат катары эсептелет. Мамлекеттик кызматчылардын социалдык-тиричилик маселелерин чечүү үчүн тийиштүү мамлекеттик органдын каражаттарынан материалдык жардам көрсөтүлүшү мүмкүн. Мамлекеттик кызматчынын кызмат акысы жана башка төлөмдөрү Мыйзамда белгиленген тартипте индекстөөгө жатат. (КР 2011-жылдын 18-ноябрындагы № 215 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [43-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1513/st-43)  
Кийинки берене: [45-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1513/st-45)
