# 42-статья. Мамлекеттик кызматчыны кызмат ордунан убактылуу четтетүү

- Документ: [Мамлекеттик кызмат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1513)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 11-августундагы № 114 "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.05.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 30 мая 2016 года № 75 "О государственной гражданской службе и муниципальной службе"](https://aqlex.ai/kg/doc/111354)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1513/st-42>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1447/edition/838621/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1513/st-42.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.05.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик кызмат жөнүндө, 42-статья (30.05.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1513/st-42

---

Мамлекеттик кызматчы ээлеген кызматынан убактылуу төмөндөгүдөй учурларда четтетилиши мүмкүн:

1) Кыргыз Республикасынын тергөө органдары тарабынан мыйзамга ылайык иш боюнча ээлеген кызматынан четтетүү жөнүндө токтом кабыл алуу менен - биротоло чечим чыгарганга чейин;

2) кызматтык териштирүү жүргүзүүдө (мамлекеттик кызматчынын өзүнүн талабы боюнча териштирүү дайындалган учурлардан тышкары) - териштирүү жүргүзүүнүн бардык мезгилине.

Мамлекеттик кызматчы ушул статьянын биринчи бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык кызматынан убактылуу четтетилген учурда, мамлекеттик кызматчыга эмгек акы төлөө сакталып калат. Калган учурларда эмгек акысы сакталбайт. Мамлекеттик кызматчыны жаза жоопкерчилигине мыйзамсыз тартуу менен келтирилген зыяндын орду мыйзамга ылайык толтурулат.

---

Мурунку берене: [41-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1513/st-41)  
Кийинки берене: [43-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1513/st-43)
