42-статья. Мамлекеттик кызматчыны кызмат ордунан убактылуу четтетүү
Күчүн жоготкон · 30.05.2016 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 30 мая 2016 года № 75.
Мамлекеттик кызматчы ээлеген кызматынан убактылуу төмөндөгүдөй учурларда четтетилиши мүмкүн:
1) Кыргыз Республикасынын тергөө органдары тарабынан мыйзамга ылайык иш боюнча ээлеген кызматынан четтетүү жөнүндө токтом кабыл алуу менен - биротоло чечим чыгарганга чейин;
2) кызматтык териштирүү жүргүзүүдө (мамлекеттик кызматчынын өзүнүн талабы боюнча териштирүү дайындалган учурлардан тышкары) - териштирүү жүргүзүүнүн бардык мезгилине.
Мамлекеттик кызматчы ушул статьянын биринчи бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык кызматынан убактылуу четтетилген учурда, мамлекеттик кызматчыга эмгек акы төлөө сакталып калат. Калган учурларда эмгек акысы сакталбайт. Мамлекеттик кызматчыны жаза жоопкерчилигине мыйзамсыз тартуу менен келтирилген зыяндын орду мыйзамга ылайык толтурулат.
Берененин тексти 30.05.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
42-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- КР Премьер-министринин 2013-жылдын 5-апрелиндеги № 124 (А.С.Базарбаев тууралуу) буйругуРаспоряжение · 05.04.2013 · № 124
- КР Премьер-министринин 2013-жылдын 26-июлундагы № 366 (Ф.У. Усенов жөнүндө )Распоряжение · 05.11.2013 · № 366
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1513/st-42" title="42-статья - Мамлекеттик кызмат жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>