# 41-статья. Мамлекеттик кызматчылардын материалдык жоопкерчилиги

- Документ: [Мамлекеттик кызмат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1513)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 11-августундагы № 114 "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.05.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 30 мая 2016 года № 75 "О государственной гражданской службе и муниципальной службе"](https://aqlex.ai/kg/doc/111354)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 13 апреля 2012 года № 33 "О внесении дополнений и изменения в Закон Кыргызской Республики "О государственной службе"](https://aqlex.ai/kg/doc/203633)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1513#diff=838632..838634>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1513/st-41>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1447/edition/838621/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1513/st-41.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.05.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик кызмат жөнүндө, 41-статья (30.05.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1513/st-41

---

Мамлекеттик кызматчынын укукка каршы жүрүш-турушунун (иш-аракетинин же аракетсиздигинин) айынан келтирилген зыян үчүн ал материалдык жоопкерчилик тартат. Мамлекеттик кызматчы өзүнүн кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууда жасаган мыйзамсыз иш-аракеттеринин (аракетсиздигинин) натыйжасында үчүнчү жактар келтирилген зыяндын орду алар кызматта турган мамлекеттик орган тарабынан толтурулууга тийиш. Мамлекеттик орган бюджеттин тийиштүү бөлүгүндө, ошол мамлекеттик органды финансылоо үчүн каралган каражаттарынын эсебинен келтирилген зыяндын ордун толтурууга милдеттүү. Чыгымдын ордун толтурган мамлекеттик орган түздөн-түз укукка жат аракеттерге барган мамлекеттик кызматчыга жана кызмат адамына кайтарма талаптарды (регресс) коюуга милдеттүү. Мамлекеттик кызматчы тарабынан зыяндын орду мамлекеттик органга зыян келтирген иш-аракети (аракетсиздиги) үчүн тартип, административдик же жазык жоопкерчилигине тартууга карабастан толтурулат. Эгерде сотто кызмат адамы тарабынан мамлекеттик кызматчынын эмгек укуктары бузулганы далилденген жана анын кесепетинен соттун чечими боюнча жаранга мыйзамда каралган төлөмдөр төлөнүп берилген учурда, мамлекеттик орган соттун чечиминин негизинде кызмат адамынын эмгек акысынан, анын ичинде ал ушул органда иштөөнү токтоткон учурда дагы ал келтирген зыяндын суммасын кармап калууга милдеттүү. Күнөөлүү адам келтирилген материалдык зыяндын ордун толук толтуруп бергенге чейин башка мамлекеттик кызмат ордуна дайындалышы мүмкүн эмес. Мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекетке материалдык зыян келтирген мамлекеттик кызматчылардын маалыматтык базасын түзөт жана жүргүзөт, ошондой эле зыяндын ордунун толтурулушун контролдойт. (КР 2012-жылдын 13-апрелиндеги № 33 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [40-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1513/st-40)  
Кийинки берене: [42-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1513/st-42)
