# 4-статья. Мамлекеттик кызматтын негизги принциптери

- Документ: [Мамлекеттик кызмат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1513)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 11-августундагы № 114 "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.05.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 30 мая 2016 года № 75 "О государственной гражданской службе и муниципальной службе"](https://aqlex.ai/kg/doc/111354)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1513/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1447/edition/838621/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1513/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.05.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик кызмат жөнүндө, 4-статья (30.05.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1513/st-4

---

Кыргыз Республикасында мамлекеттик кызмат төмөнкүдөй принциптерге негизденет жана аракеттенет:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын үстөмдүгү жана адам менен жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин артыкчылыгына;

2) мамлекеттик кызматчылардын Кыргызстан калкына берилгендигине;

3) мамлекеттик кызматтын турукташтыгына;

4) мамлекеттик кызматчынын иши жөнүндө маалыматтын коомчулук үчүн маалымдуулугуна, жетимдүүлүгүнө;

5) кесипкөйлүгүнө, компетенттүүлүгүнө, демилгелүүлүгүнө жана ак ниеттүүлүгүнө;

6) мамлекеттик кызматка кирүүдө Кыргыз Республикасынын жарандарынын тең укуктуулугуна;

7) кызматтык милдеттерди аткарууда, тартип жоопкерчилигинин адилеттүү жана калыс тутумун камсыз кылуу үчүн тартиптик жана жекече жоопкерчилигине;

8) мамлекеттик кызматчылардын контролдо болушу жана отчеттуулугу, жогору турган мамлекеттик органдардын жана кызмат адамдарынын мыйзам тарабынан берилген ыйгарым укуктарынын чектеринде кабыл алынган чечимдеринин милдеттүү түрдө аткарылышына;

9) мамлекеттик кызматчылардын укуктук, экономикалык жана социалдык жактан корголушу, аларга жана алардын үй-бүлөлөрүнө татыктуу турмуш деңгээлинин кепилдик берилишине;

10) мамлекеттик кызмат тутумдарын такай өркүндөтүлүшүнө;

11) кадрларды тандоонун, ишине баа берүүнүн ачыктыгы жана калыстыгы, аларды конкурстук негизде кызматка көтөрүлүшүнө;

12) мамлекеттик кызматчылардын ишине саясий таасир тийгизүүнү жана укукка сыйбаган кийлигишүүнү болтурбашына.

II Глава Мамлекеттик кызматчынын укуктук абалы

---

Мурунку берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1513/st-3)  
Кийинки берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1513/st-5)
