4-статья. Мамлекеттик кызматтын негизги принциптери
Күчүн жоготкон · 30.05.2016 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 30 мая 2016 года № 75.
4-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 4-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Кыргыз Республикасында мамлекеттик кызмат төмөнкүдөй принциптерге негизденет жана аракеттенет:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын үстөмдүгү жана адам менен жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин артыкчылыгына;
2) мамлекеттик кызматчылардын Кыргызстан калкына берилгендигине;
3) мамлекеттик кызматтын турукташтыгына;
4) мамлекеттик кызматчынын иши жөнүндө маалыматтын коомчулук үчүн маалымдуулугуна, жетимдүүлүгүнө;
5) кесипкөйлүгүнө, компетенттүүлүгүнө, демилгелүүлүгүнө жана ак ниеттүүлүгүнө;
6) мамлекеттик кызматка кирүүдө Кыргыз Республикасынын жарандарынын тең укуктуулугуна;
7) кызматтык милдеттерди аткарууда, тартип жоопкерчилигинин адилеттүү жана калыс тутумун камсыз кылуу үчүн тартиптик жана жекече жоопкерчилигине;
8) мамлекеттик кызматчылардын контролдо болушу жана отчеттуулугу, жогору турган мамлекеттик органдардын жана кызмат адамдарынын мыйзам тарабынан берилген ыйгарым укуктарынын чектеринде кабыл алынган чечимдеринин милдеттүү түрдө аткарылышына;
9) мамлекеттик кызматчылардын укуктук, экономикалык жана социалдык жактан корголушу, аларга жана алардын үй-бүлөлөрүнө татыктуу турмуш деңгээлинин кепилдик берилишине;
10) мамлекеттик кызмат тутумдарын такай өркүндөтүлүшүнө;
11) кадрларды тандоонун, ишине баа берүүнүн ачыктыгы жана калыстыгы, аларды конкурстук негизде кызматка көтөрүлүшүнө;
12) мамлекеттик кызматчылардын ишине саясий таасир тийгизүүнү жана укукка сыйбаган кийлигишүүнү болтурбашына.
II Глава Мамлекеттик кызматчынын укуктук абалы
Берененин тексти 30.05.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
4-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1513/st-4" title="4-статья - Мамлекеттик кызмат жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>