# 36-статья. Мамлекеттик кызматчыларга карата колдонулган сыйлоонун түрлөрү

- Документ: [Мамлекеттик кызмат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1513)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 11-августундагы № 114 "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.05.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 30 мая 2016 года № 75 "О государственной гражданской службе и муниципальной службе"](https://aqlex.ai/kg/doc/111354)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1513/st-36>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1447/edition/838621/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1513/st-36.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.05.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик кызмат жөнүндө, 36-статья (30.05.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1513/st-36

---

Мамлекеттик кызматчыларга кызматтык ыйгарым укуктарын кынтыксыз жана акниеттүү аткаргандыгы, өтө маанилүү жана татаал милдеттерди аткаргандыгы үчүн сыйлоонун төмөнкүдөй түрлөрү колдонулушу мүмкүн:

- алкыш жарыялоо;

- мамлекеттик органдын ардак грамотасы менен сыйлоо;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын башка кесиптик сыйлыктары менен сыйлоо;

- бир жолку акчалай сыйакы берүү;

- эстелик белгилерди жана баалуу белектерди тапшыруу;

- мурда салынган тартип жазасын алып салуу;

- мамлекеттик сыйлыктарга көрсөтүү.

Мамлекеттик кызматчыга карата сыйлоо аны кызматка өз демилгеси менен дайындаган жетекчинин же мамлекеттик органдын статс-катчысынын сунуштамасы боюнча колдонулат.

---

Мурунку берене: [35-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1513/st-35)  
Кийинки берене: [37-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1513/st-37)
