# 35-статья. Мамлекеттик кызматчынын декларациясында камтылган маалыматтардын купуялыгын жана алардын коомчулукка жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу кепилдиктери

- Документ: [Мамлекеттик кызмат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1513)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 11-августундагы № 114 "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.05.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 30 мая 2016 года № 75 "О государственной гражданской службе и муниципальной службе"](https://aqlex.ai/kg/doc/111354)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 февраля 2010 года № 35 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202924)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1513#diff=838629..838630>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1513/st-35>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1447/edition/838621/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1513/st-35.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.05.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик кызмат жөнүндө, 35-статья (30.05.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1513/st-35

---

Мамлекеттик кызматчы иштеген мамлекеттик орган отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-июнуна чейин мамлекеттик кызматчынын жана анын адамын үй-бүлө мүчөлөрүнүн мүлкү жана кирешелери жөнүндө декларациянын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн, Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнө даярдык көрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык түзүлгөн декларациядан башкасын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына берет. Мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул Мыйзамдын колдонулушуна туура келген адамдардын кирешелери, милдеттенмелери жана мүлктөрүнө тиешелүү мамлекеттик органдардан түшкөн декларацияда көрсөтүлгөн маалыматтарды иликтейт, зарыл болгон учурда декларант менен бирдикте декларацияда көрсөтүлгөн маалыматтарды тактайт. Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнө даярдык көрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык толтурулган декларация мамлекеттик органдар тарабынан өзгөртүлбөшү же болбосо толукталбашы керек. Мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекеттик кызматчынын мүлкү жана кирешелери жөнүндө декларацияда камтылган маалыматтарга коомчулуктун жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктаган тартибине ылайык ээ болушун камсыз кылат. Талап кылынган маалыматты берүүдөн мамлекеттик органдын баш тартышына административдик же сот тартибинде даттанылышы мүмкүн. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралгандан тышкары учурларда төмөнкүдөй маалыматтар ачыкка чыгарылбайт:

а) декларацияны берген мамлекеттик кызматчынын жана анын адамын үй-бүлө мүчөлөрүнүн даректери, телефон номерлери жана жеке карым-катнаштын башка каражаттары жөнүндө;

б) декларацияда көрсөтүлгөн мүлктүн жекече аталышы жана турган орду жөнүндө;

в) мамлекеттик кызматчынын адамын үй-бүлө мүчөлөрүнүн мүлкү жана кирешелери жөнүндө;

г) "Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнө даярдык көрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык толтурулган декларация мамлекеттик кызматчынын жана анын үй-бүлөсүнүн жакын мүчөлөрүнүн мүлктөрү жана кирешелери жөнүндө.

Мамлекеттик орган декларацияда камтылган маалыматтын купуялыгын сактоого кепилдик берет, ал маалымат ушул статьянын төртүнчү бөлүгүнө ылайык берилбейт жана ачыкка чыгарылбайт. Ушул Мыйзамдын жоболоруна ылайык ачыкка чыгарылбай турган маалымат декларацияны берген, Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнө даярдык көрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык толтурулган декларациядан башка, адамдын нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн макулдугу алынгандан кийин башка адамдар берилиши мүмкүн. Мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жетекчиси жашыруун маалыматты ачыкка чыгаргандыгы үчүн жазык жоопкерчилигин тартат. (КР 2010-жылдын 25-февралындагы № 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

VI Глава Мамлекеттик кызматчылардын тартип жоопкерчилиги жана аларды сыйлоо

---

Мурунку берене: [34-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1513/st-34)  
Кийинки берене: [36-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1513/st-36)
