Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
35-статья. Мамлекеттик кызматчынын декларациясында камтылган маалыматтардын купуялыгын жана алардын коомчулукка жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу кепилдиктери
Күчүн жоготкон · 30.05.2016 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 30 мая 2016 года № 75.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 25 февраля 2010 года № 35
Мамлекеттик кызматчы иштеген мамлекеттик орган отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-июнуна чейин мамлекеттик кызматчынын жана анын адамын үй-бүлө мүчөлөрүнүн мүлкү жана кирешелери жөнүндө декларациянын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн, Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнө даярдык көрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык түзүлгөн декларациядан башкасын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына берет. Мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул Мыйзамдын колдонулушуна туура келген адамдардын кирешелери, милдеттенмелери жана мүлктөрүнө тиешелүү мамлекеттик органдардан түшкөн декларацияда көрсөтүлгөн маалыматтарды иликтейт, зарыл болгон учурда декларант менен бирдикте декларацияда көрсөтүлгөн маалыматтарды тактайт. Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнө даярдык көрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык толтурулган декларация мамлекеттик органдар тарабынан өзгөртүлбөшү же болбосо толукталбашы керек. Мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекеттик кызматчынын мүлкү жана кирешелери жөнүндө декларацияда камтылган маалыматтарга коомчулуктун жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктаган тартибине ылайык ээ болушун камсыз кылат. Талап кылынган маалыматты берүүдөн мамлекеттик органдын баш тартышына административдик же сот тартибинде даттанылышы мүмкүн. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралгандан тышкары учурларда төмөнкүдөй маалыматтар ачыкка чыгарылбайт:
а) декларацияны берген мамлекеттик кызматчынын жана анын адамын үй-бүлө мүчөлөрүнүн даректери, телефон номерлери жана жеке карым-катнаштын башка каражаттары жөнүндө;
б) декларацияда көрсөтүлгөн мүлктүн жекече аталышы жана турган орду жөнүндө;
в) мамлекеттик кызматчынын адамын үй-бүлө мүчөлөрүнүн мүлкү жана кирешелери жөнүндө;
г) "Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнө даярдык көрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык толтурулган декларация мамлекеттик кызматчынын жана анын үй-бүлөсүнүн жакын мүчөлөрүнүн мүлктөрү жана кирешелери жөнүндө.
Мамлекеттик орган декларацияда камтылган маалыматтын купуялыгын сактоого кепилдик берет, ал маалымат ушул статьянын төртүнчү бөлүгүнө ылайык берилбейт жана ачыкка чыгарылбайт. Ушул Мыйзамдын жоболоруна ылайык ачыкка чыгарылбай турган маалымат декларацияны берген, Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнө даярдык көрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык толтурулган декларациядан башка, адамдын нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн макулдугу алынгандан кийин башка адамдар берилиши мүмкүн. Мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жетекчиси жашыруун маалыматты ачыкка чыгаргандыгы үчүн жазык жоопкерчилигин тартат. (КР 2010-жылдын 25-февралындагы № 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
VI Глава Мамлекеттик кызматчылардын тартип жоопкерчилиги жана аларды сыйлоо
Берененин тексти 30.05.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Мамлекеттик кызматчынын, ошондой эле анын жакын туугандарынын кирешелери, мүлкү жана милдеттенмелери жөнүндө декларацияда көрсөтүлгөн маалыматтардын тууралыгына жана толуктугуна…Положение · 25.12.2012 · № 855
- КР Окмотунун 2009-жылдын15-декабрындагы № 765 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 15.12.2009 · № 765 · Күчүн жоготкон
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнө даярдык көрүү жөнүндөЗакон · 25.02.2010 · № 36
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1513/st-35" title="35-статья - Мамлекеттик кызмат жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>