# 32-статья. Мамлекеттик органдагы кызматты тараптардын эркине байланышпаган жагдайлар боюнча токтотуу

- Документ: [Мамлекеттик кызмат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1513)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 11-августундагы № 114 "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.05.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 30 мая 2016 года № 75 "О государственной гражданской службе и муниципальной службе"](https://aqlex.ai/kg/doc/111354)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1513/st-32>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1447/edition/838621/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1513/st-32.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.05.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик кызмат жөнүндө, 32-статья (30.05.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1513/st-32

---

Мамлекеттик органдагы кызмат тараптардын эркине байланышпаган төмөнкүдөй жагдайлар боюнча токтотулушу мүмкүн:

а) мамлекеттик кызматчыны аскердик кызматка чакыруу же аскердик кызматты алмаштырган альтернативдүү жарандык кызматка жөнөтүлгөндө;

б) соттун чечими боюнча мамлекеттик кызматчыны мурда ээлеген кызмат ордуна калыбына келтиргенде;

в) соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечимине ылайык мамлекеттик кызматчыга мурда иштеген ишин улантууну жокко чыгарган жазаны дайындаганда;

г) медициналык корутундуга ылайык ден соолугунун абалына;

д) мамлекеттик кызматчынын өлүмү, ошондой эле сот тарабынан мамлекеттик кызматчыны өлдү же дайынсыз жок болду деп таанылганда;

е) мамлекеттик кызматчынын жаңы эмгек шарттарында ишти улантуудан баш тартканда.

Мурда кызмат ордун ээлеген мамлекеттик кызматчынын кызмат ордунун Мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын же соттун чечими боюнча калыбына келтирилгендигине байланыштуу, эгерде калыбына келтирилген адамдын кызмат ордун ээлеген мурдагы мамлекеттик кызматчынын анын макулдугу менен башка кызмат ордуна которууга мүмкүн болбосо, анын мамлекеттик органдагы кызматын токтотууга жол берилет.

V Глава Мамлекеттик кызматчылардын мүлкүн жана кирешелерин декларациялоо

---

Мурунку берене: [31-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1513/st-31)  
Кийинки берене: [33-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1513/st-33)
