# 31-статья. Мамлекеттик органдагы кызматты мамлекеттик органдын администрациясынын демилгеси боюнча токтотуу

- Документ: [Мамлекеттик кызмат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1513)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 11-августундагы № 114 "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.05.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 30 мая 2016 года № 75 "О государственной гражданской службе и муниципальной службе"](https://aqlex.ai/kg/doc/111354)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 марта 2015 года № 49 "О внесении дополнения в Закон Кыргызской Республики "О государственной службе"](https://aqlex.ai/kg/doc/205470)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 03.03.2015 [Закон КР от 3 марта 2015 года № 49 "О внесении дополнения в Закон Кыргызской Республики "О государственной службе"](https://aqlex.ai/kg/doc/205470); 24.07.2013 [Закон КР от 24 июля 2013 года № 158 "О внесении дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственной службе"](https://aqlex.ai/kg/doc/203967); 10.08.2012 [Закон КР от 10 августа 2012 года № 164 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203764); 19.05.2009 [Закон КР от 19 мая 2009 года № 165 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О государственной службе"](https://aqlex.ai/kg/doc/203155)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1513#diff=838643..838644>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1513/st-31>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1447/edition/838621/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1513/st-31.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.05.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик кызмат жөнүндө, 31-статья (30.05.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1513/st-31

---

Мамлекеттик органдын демилгеси боюнча мамлекеттик кызматчы ээлеген кызмат ордунан төмөнкүдөй учурларда бошотулушу мүмкүн:

а) мамлекеттик орган кайра уюштурулганда же жоюлганда;

б) ээлеген административдик мамлекеттик кызмат орду кыскарганда;

б-1) төмөнкү негиздердин бири болгондо ишенимин жоготсо:

- кызыкчылыктардын кагылышуусунун тарабы болуп саналганда, аны алдын алуу жана/же жөнгө салуу боюнча өз убагында аракеттерди көрбөсө;

- жеке өзү же ишенген адамдар аркылуу ишкердик менен алектенсе;

- коммерциялык уюмдардын башкаруу органдарында иштесе (мыйзамда каралган учурларды кошпогондо);

- мүлкү жана кирешелери жөнүндө декларация бербесе же так эмес же толук эмес маалыматтарды берсе;

- башка мамлекеттин жарандыгы бар экендигин жаап-жашырса;

в) мамлекеттик кызматчынын мамлекеттик кызмат менен айкалышпаган кызмат ордуна шайланганда же дайындалганда;

г) аттестациялоонун же квалификациялык сынактын натыйжасында тастыкталган мамлекеттик кызматчынын ээлеген кызмат ордуна жетиштүү квалификацияга ылайык келбестиги, ошондой эле сыноо мөөнөтүнөн өтпөгөндө;

д) мамлекеттик кызматчы тарабынан эмгек тартиби одоно бузулганда:

- ишке келбей коюу (бир жумушчу күндө жүйөлүү себепсиз үч сааттан ашык жумуш ордунда болбой калуу);

- кызмат кылган жеринде мүлктү уурдоо (анын ичинде кытып алуу), жоготуу, аны атайылап жок кылуу же бузуу;

- ишке ичкилик ичип, баңгизат же башка токсиндик затты колдонуу менен мас абалында келүү;

- мамлекеттик кызматчыга жүктөлгөн милдеттерди аткарууга байланыштуу ага белгилүү болуп калган мыйзам менен корголуучу сырды (мамлекеттик, кызматтык жана башка) ачыкка чыгаруу;

- мамлекеттик кызматчы тарабынан ага жүктөлгөн милдеттерди бир нече курдай аткарбай коюу же талаптагыдай аткарбай коюу, эгерде мурда ага тартип жазасы колдонулган болсо;

- мыйзамда же кызматтык нускоолордо тике каралган учурлардан тышкары саясий партиялардын, коомдук бирикмелердин жана диний уюмдардын ишине кандайдыр бир формада түзүү, катышуу, же көмөк көрсөтүү;

иш таштоолорду, митингдерди, манифестацияларды уюштуруу же катышуу, же башка иш-чаралар менен мамлекеттик органдардын иштешине тоскоолдук кылуу;

е) мамлекеттик кызматчыга карата соттун айыптоо өкүмүнүн мыйзамдуу күчүнө кириши;

ж) ушул Мыйзамдын 10, 11-статьяларында каралган чектөөлөрдү сактабай коюу фактылары белгиленгенде;

з) мамлекеттик кызматчы тарабынан мамлекеттик кызматка кирүүдө жалган документтерди же атайылап эле жалган маалыматтарды берүү;

и) эгерде аткаруучу иши мамлекеттик сырга ээ болууну талап кылган болсо, мамлекеттик жашыруун сырга ээ болууну токтотуу;

к) ротация иретинде которуудан баш тартуу;

л) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу, Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготуу же чет мамлекеттин жарандыгын алуу;

м) ал мамлекеттик кызматта болуу үчүн ушул Мыйзамда белгиленген жаш курагынын чегине жеткенде;

Караңыз: Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун 2008-жылдын 11-ноябрындагы (Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" 2004-жылдын 11-августундагы Мыйзамынын 31-беренесинин 3-бөлүгүнүн "м" пунктун жана 47-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктун "Бул ченем пенсия курагындагыларга жайылтылбайт" деген бөлүгүндө Конституцияга ылайык эмес жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 14-беренесинин 3-пунктуна карама-каршы келет деп табуу жөнүндө жаран Калиман Султаналиеванын өтүнүчү боюнча) чечими

н) ушул Мыйзам менен каралган мүлк жана кирешелер жөнүндө декларацияны тапшырбоо же декларациялоодой мүлк жана кирешесин атайылап жашырып коюу, болбосо чындыкка туура келбеген маалыматтарды берүү;

о) "Борбордун статусу жөнүндө" жана "Ош шаарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте Бишкек же Ош шаарынын мэри аны бошотууга сунуштама киргизгенде;

п) "Борбордун статусу жөнүндө" жана "Ош шаарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте Бишкек же Ош шаардык кеңеши ишеним көрсөтпөгөндө.

Мамлекеттик кызматчынын наамын булгаганына байланыштуу мамлекеттик органдын демилгеси боюнча мамлекеттик кызматчыны ушул статьянын "д-з" жана "н" пункттарында каралган негиздер боюнча бошотууда аталган орган жети күндүк мөөнөттө мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ошол маалыматтарды берүүгө милдеттүү. Мамлекеттик органдын мамлекеттик кызматчыны ушул статьянын 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн негиздер боюнча кызматтан бошотуу жөнүндө чечими соттун күчүнө кирген актысы менен жокко чыгарылса, мамлекеттик орган жети күндүк мөөнөттө мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бул жөнүндө маалымдоого милдеттүү. Мамлекеттик органды кайра уюштуруу, жоюу же мамлекеттик органда административдик кызмат орундарын кыскартууга алып келе турган мамлекеттик органдын штаттык ыраатамасын өзгөртүү Мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын макулдугу менен гана жүзөгө ашырылат. Мамлекеттик органды кайра уюштуруу же жоюу негиздери боюнча иштен бошотууга, болбосо мамлекеттик органдын штаттык кызмат ордун кыскартууга, эгерде мамлекеттик кызматчыны анын макулдугу менен башка ишке которууга мүмкүн болбогондо, жол берилет. Мамлекеттик кызматчыны ал убактылуу ишке жараксыз учурунда жана өргүүдө жүргөн мезгилинде (мамлекеттик органды кайра уюштуруу же жоюу, болбосо мамлекеттик органдагы штаттык кызмат орундарын кыскартуунун негизинде иштен бошотуудан тышкары) мамлекеттик органдын демилгеси боюнча бошотууга жол берилбейт. Мамлекеттик органдын башка жерде жайгашкан ведомстволук же башка өзүнчө түзүмдүк бөлүмүнүн иши токтотулган учурда ал түзүмдүк бөлүмдөрдөн мамлекеттик кызматчыларды бошотуу мамлекеттик органды жоюу учурунда колдонулган эрежелер боюнча жүргүзүлөт. Мамлекеттик кызматчынын мамлекеттик кызматта болушунун жаш курагынын чеги 65 жашты түзөт.

Караңыз: КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 30-апрелиндеги N 27-р чечими (КР 2009-жылдын 19-майындагы № 165 , 2012-жылдын 10-августундагы № 164 , 2013-жылдын 24-июлундагы № 158, 2015-жылдын 3-мартындагы № 49 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [30-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1513/st-30)  
Кийинки берене: [32-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1513/st-32)
