# 29-статья. Мамлекеттик кызматтагы ишти токтотуу

- Документ: [Мамлекеттик кызмат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1513)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 11-августундагы № 114 "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.05.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 30 мая 2016 года № 75 "О государственной гражданской службе и муниципальной службе"](https://aqlex.ai/kg/doc/111354)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1513/st-29>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1447/edition/838621/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1513/st-29.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.05.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик кызмат жөнүндө, 29-статья (30.05.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1513/st-29

---

Мамлекеттик кызматтагы ишти токтотуу үчүн төмөнкүлөр негиз болуп саналат:

- өз каалоосу боюнча бошотуу;

- мамлекеттик органдын администрациясынын демилгеси боюнча бошотуу;

- тараптардын эркине байланышпаган жагдайлар боюнча.

Мамлекеттик кызматчыны мамлекеттик органдын администрациясынын демилгеси боюнча бошотуу ушул Мыйзамга ылайык талаптагыдай жол-жоболор аткарылгандан кийин статс-катчынын макулдугу менен мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан жүргүзүлөт. Эгерде статс-катчы мамлекеттик кызматчыны бошотуу менен макул болбосо мамлекеттик органдын жетекчиси мамлекеттик кызматчыны бошотууга укуктуу. Статс-катчы бул чечимди Кеңешке даттанууга укуктуу. Кеңештин чечими биротоло чечим болуп саналат. Мамлекеттик административдик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик кызматчылар үчүн мамлекеттик органдарда саясий мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдардын алмашуусу бошотуу, кызматынан төмөндөтүү, ротациялоо жана аттестация өткөрүү үчүн негиз болуп саналбайт.

---

Мурунку берене: [28-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1513/st-28)  
Кийинки берене: [30-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1513/st-30)
