# 28-статья. Мамлекеттик кызматчыларды ротациялоо (орун которуштуруу)

- Документ: [Мамлекеттик кызмат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1513)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 11-августундагы № 114 "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.05.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 30 мая 2016 года № 75 "О государственной гражданской службе и муниципальной службе"](https://aqlex.ai/kg/doc/111354)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1513/st-28>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1447/edition/838621/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1513/st-28.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.05.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик кызмат жөнүндө, 28-статья (30.05.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1513/st-28

---

Мамлекеттик кызматтардын кээ бир категорияларын ээлеген мамлекеттик кызматчыларды ротациялоо (орун которуштуруу) мамлекеттин керектөөлөрүн эсепке алуу менен, мамлекеттик кызматчынын дараметин натыйжалуу пайдалануу, алардын кызматтык жана кесиптик жактан өсүшү үчүн зарыл шартты түзүү, кызматтык мансабы үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу жана кадрларды мамлекеттик кызматта бекемдеп калуу, ошондой эле коррупция тобокелдигин азайтуу максатында жүргүзүлөт. Мамлекеттик кызматчыларды ички жана ведомстволор аралык ротациялоо беш жылда бир жолудан көп эмес жүргүзүлөт. Мамлекеттик кызматчы, эгерде жагдай ушундай түрдөгү чараны кабыл алууну талап кылса, мамлекеттик кызматка олуттуу зыян келтирүүнү болтурбоо үчүн ротация мөөнөтү келгенге чейин башка жердеги, башка мамлекеттик органдагы же мекемедеги ушундай же ага туура келген кызмат ордуна которулушу мүмкүн. Ротациянын негиздемесин, схемасын жана кабыл алуучу тарап менен макулдашууну мамлекеттик кызматчы иштеген мамлекеттик орган даярдайт, андан кийин даярдалган сунуш маалымат үчүн Мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга киргизилет. Ушул статьянын үчүнчү бөлүгүндө каралган ротация жүргүзүү үчүн мамлекеттик кызматчынын макулдугу талап кылынбайт. Мамлекеттик кызматчыны ротациялоо жөнүндө мамлекеттик органдын чечимине Мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына даттанылышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [27-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1513/st-27)  
Кийинки берене: [29-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1513/st-29)
