28-статья. Мамлекеттик кызматчыларды ротациялоо (орун которуштуруу)
Күчүн жоготкон · 30.05.2016 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 30 мая 2016 года № 75.
28-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 28-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Мамлекеттик кызматтардын кээ бир категорияларын ээлеген мамлекеттик кызматчыларды ротациялоо (орун которуштуруу) мамлекеттин керектөөлөрүн эсепке алуу менен, мамлекеттик кызматчынын дараметин натыйжалуу пайдалануу, алардын кызматтык жана кесиптик жактан өсүшү үчүн зарыл шартты түзүү, кызматтык мансабы үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу жана кадрларды мамлекеттик кызматта бекемдеп калуу, ошондой эле коррупция тобокелдигин азайтуу максатында жүргүзүлөт. Мамлекеттик кызматчыларды ички жана ведомстволор аралык ротациялоо беш жылда бир жолудан көп эмес жүргүзүлөт. Мамлекеттик кызматчы, эгерде жагдай ушундай түрдөгү чараны кабыл алууну талап кылса, мамлекеттик кызматка олуттуу зыян келтирүүнү болтурбоо үчүн ротация мөөнөтү келгенге чейин башка жердеги, башка мамлекеттик органдагы же мекемедеги ушундай же ага туура келген кызмат ордуна которулушу мүмкүн. Ротациянын негиздемесин, схемасын жана кабыл алуучу тарап менен макулдашууну мамлекеттик кызматчы иштеген мамлекеттик орган даярдайт, андан кийин даярдалган сунуш маалымат үчүн Мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга киргизилет. Ушул статьянын үчүнчү бөлүгүндө каралган ротация жүргүзүү үчүн мамлекеттик кызматчынын макулдугу талап кылынбайт. Мамлекеттик кызматчыны ротациялоо жөнүндө мамлекеттик органдын чечимине Мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына даттанылышы мүмкүн.
Берененин тексти 30.05.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
28-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1513/st-28" title="28-статья - Мамлекеттик кызмат жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>