# 26-статья. Мамлекеттик кызматчынын анты

- Документ: [Мамлекеттик кызмат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1513)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 11-августундагы № 114 "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.05.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 30 мая 2016 года № 75 "О государственной гражданской службе и муниципальной службе"](https://aqlex.ai/kg/doc/111354)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1513/st-26>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1447/edition/838621/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1513/st-26.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.05.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик кызмат жөнүндө, 26-статья (30.05.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1513/st-26

---

Биринчи жолу кызмат ордуна киришип жатып, мамлекеттик кызматчы жазуу жүзүндөгү төмөнкүдөй ант берет: "Мен, ... Кыргыз Республикасынын жараны, мамлекеттик кызмат ордуна киришип жатып жана Кыргызстандын элинин алдындагы өзүмдүн жогорку жоопкерчилигимди түшүнүү менен: Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын ыйык сактоого, өз ишимде мыйзамдуулук жана адилеттүүлүк принциптерин гана жолдоп, өз милдеттеримди акниет жана берилгендик менен аткарып жана Кыргызстандын элине мыкты билимиме жана ниеттериме ылайык кызмат кылууга, мамлекеттик кызматчынын этикасынын Кодексинин ченемдерин сактоого салтанаттуу ант берем. Бул антты бузгандык үчүн белгиленген жоопкерчилик тартууга даярмын". Ант берген адам анттын текстине кол коет жана аны кабыл алган күндү көрсөтөт. Анттын текстти мамлекеттик кызматчынын өздүк ишинде сакталат.

---

Мурунку берене: [25-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1513/st-25)  
Кийинки берене: [27-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1513/st-27)
