# 24-статья. Мамлекеттик кызматка кирүүнүн тартиби

- Документ: [Мамлекеттик кызмат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1513)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 11-августундагы № 114 "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.05.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 30 мая 2016 года № 75 "О государственной гражданской службе и муниципальной службе"](https://aqlex.ai/kg/doc/111354)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 10 ноября 2014 года № 150 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственной службе"](https://aqlex.ai/kg/doc/205371)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1513#diff=838641..838642>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1513/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1447/edition/838621/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1513/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.05.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик кызмат жөнүндө, 24-статья (30.05.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1513/st-24

---

Мамлекеттик кызматка кирүү конкурска катышуу жолу менен жүзөгө ашырылат. Мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы мамлекеттик кызматка талапкерлерди тандап алуу боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялайт жана усулдук жардамдарды көрсөтөт. Мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы административдик мамлекеттик ваканттык кызмат орундарына вакансиялар жөнүндө конкурстук тандоо башталганга чейин бир айдан кечиктирбестен расмий жалпыга маалымдоо каражаттарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат Порталына конкурс өткөрүү тууралу маалыматтарды жайгаштыруу жолу менен улуттук конкурс өткөрүү маалыматын таркатат. Кыргыз Республикасынын Президенти караган учурларда жана тартипте мамлекеттик кызматка контракттык негизде кирүүгө жол берилет. Тийиштүү квалификациялык талаптар болгондо мамлекеттик кызматтын административдик кызмат ордун конкурстан тышкары ээлөөгө төмөнкүлөрдүн укугу бар:

- ошол эле мамлекеттик органдагы кызмат орундарынын бир категориясынын ичиндеги мамлекеттик кызматчылар;

- бул кызмат орундарында бир жылдан кем эмес иштеген саясий мамлекеттик кызматчылардын кеңешчилери, жардамчылары жана консультанттары;

- өз ыйгарым укуктарын токтоткон саясий мамлекеттик кызматчылар.

Саясий кызмат орундарынан, ошондой эле мамлекеттик кызматчынын намысын булгагандыгына байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулган мамлекеттик кызматтын башкы жана улук административдик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик кызматчылар мурдагы кызмат ордуна калыбына келтирилбейт жана ошого тете мамлекеттик кызмат ордун кайталап ээлей албайт. Чечим кабыл алган мамлекеттик органдардын жетекчилери төмөнкүдөй учурларда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчилик тартышат:

- эгерде мамлекеттик кызматтын административдик кызмат ордун ээлеген адам өзүнүн бошотулушунун негизсиздигин далилдесе;

- ушул Мыйзамда каралган адамдардан тышкары мамлекеттик кызматтын административдик кызмат орундарына конкурстук талдоодон өтпөгөн адамдар кабыл алынганда.

(КР 2014-жылдын 10-ноябрындагы № 150 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [23-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1513/st-23)  
Кийинки берене: [25-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1513/st-25)
