# 23-статья. Класстык чендерди берүүнүн тартиби

- Документ: [Мамлекеттик кызмат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1513)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 11-августундагы № 114 "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.05.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 30 мая 2016 года № 75 "О государственной гражданской службе и муниципальной службе"](https://aqlex.ai/kg/doc/111354)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1513/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1447/edition/838621/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1513/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.05.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик кызмат жөнүндө, 23-статья (30.05.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1513/st-23

---

Мамлекеттик кызматтын кенже инспекторунун класстык чени, ошондой эле мамлекеттик кызматтын 3-класстагы инспекторунун класстык чени мамлекеттик кызматтын кенже кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик кызматчыларга берилет. Мамлекеттик кызматтын 3, 2 жана 1-класстагы инспекторлорунун класстык чендери, ошондой эле мамлекеттик кызматтын 3-класстагы кеңешчисинин класстык чени мамлекеттик кызматтын улук кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик кызматчыларга берилет. Мамлекеттик кызматтын 3, 2 жана 1-класстагы кеңешчисинин класстык чендери мамлекеттик кызматтын башкы кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик кызматчыларга берилет. Мамлекеттик кызматтын мамлекеттик кеңешчисинин класстык чендери мамлекеттик кызматтын жогорку кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик кызматчыларга берилет. Мамлекеттик кызматтын кенже инспекторунун, мамлекеттик кызматтын 3, 2 жана 1-класстагы инспекторунун класстык чендерин берүү, ажыратуу, төмөндөтүү мамлекеттик кызматчыны аттестациялоонун жыйынтыгы боюнча мамлекеттик органдын статс-катчысынын сунуштамасы боюнча мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан жүргүзүлөт. Мамлекеттик кызматтын кеңешчисинин 3, 2 жана 1-класстагы мамлекеттик кызматтын кеңешчисинин класстык чендерин берүү, ажыратуу, төмөндөтүү тийиштүү мамлекеттик органдын статс-катчысынын сунуштамасы боюнча мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан жүргүзүлөт. Мамлекеттик кызматтын мамлекеттик кеңешчисинин класстык чендерин берүү, ажыратуу, төмөндөтүү тийиштүү мамлекеттик органдын жетекчисинин жана Мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын биргелешкен сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан жүргүзүлөт. Ыйгарылган класстык чен мамлекеттик кызматчынын кызматтык күбөлүгүндө көрсөтүлөт, ал эми мамлекеттик кызматтын мамлекеттик кеңешчисинин, болбосо мамлекеттик кызматтын кеңешчисинин класстык ченин ыйгарууда - тийиштүү күбөлүк берилет. Мамлекеттик кызматтын кенже инспекторунун класстык чени жаңыдан жумушка кирген мамлекеттик кызматчыга сыноо мөөнөтүн кошкондо алты айлык кызмат өтөөдөн кийин бериленет. Мамлекеттик кызматчыларга класстык чендерди берүүнүн башка маселелери Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан белгиленет. Мамлекеттик кызматчынын кызматчыларга аскердик наамдарды, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды, дипломатиялык рангдарды берүүнү караган бир мамлекеттик органдын кызматчыларына класстык чендерди берүү ушул Мыйзамга ылайык каралган экинчи мамлекеттик органга өтүүдө алардын мурдагы аскердик наамдары, атайын класстык чени, атайын наамы, дипломатиялык рангы сакталып калат. Мындай болгон учурда кезектеги аскердик наам, атайын класстык чен, атайын наам, дипломатиялык ранг функционалдык ыйгарым укуктары мурдагы мамлекеттик органда мурда ээлеген кызмат ордунун профилине окшош болгон мамлекеттик кызматчыларга берилиши мүмкүн. Кезектеги аскердик наамды, атайын класстык ченди, атайын наамды, дипломатиялык рангды берүү жогорку кызмат ордунан тышкары мамлекеттик кызматчыга соңку аскердик наам, атайын класстык чен, атайын наам, дипломатиялык ранг берилген мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан ал кызматка өткөн мамлекеттик органдын сунушу боюнча берилет. Калган учурларда аскердик наамы, атайын класстык чени, атайын наамы, дипломатиялык рангы бар мамлекеттик кызматчыларга ушул Мыйзамда каралган, ал өткөн мамлекеттик органдын кезектеги тийиштүү класстык чени ыйгарылат.

IV Глава Мамлекеттик кызмат өтөөнүн тартиби

---

Мурунку берене: [22-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1513/st-22)  
Кийинки берене: [24-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1513/st-24)
