# 21-статья. Мамлекеттик кызматчыны окутуу

- Документ: [Мамлекеттик кызмат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1513)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 11-августундагы № 114 "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.05.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 30 мая 2016 года № 75 "О государственной гражданской службе и муниципальной службе"](https://aqlex.ai/kg/doc/111354)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1513/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1447/edition/838621/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1513/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.05.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик кызмат жөнүндө, 21-статья (30.05.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1513/st-21

---

Мамлекеттик кызматчыны окутуу анын квалификациясын жогорулатуу, тийиштүү мамлекеттик органдын дараметин өнүктүрүү, жаңы эрежелерди, жол-жоболорду жана тутумдарды киргизүү менен реформа жүргүзүү, мамлекеттик кызматтын натыйжалуулугун жана таасирдүүлүгүн адамшыртуу максатында, ошондой эле ошол штаттык кызмат оруну боюнча кызматтык милдеттер өзгөргөн учурда мамлекеттик кызматчыны аттестациялоонун натыйжаларынын негизинде жүргүзүлөт. Окутуу мамлекеттик кызматчынын, мамлекеттик органдын жетекчисинин же статс-катчынын демилгеси боюнча жүргүзүлөт. Кош бойлуулугу жана төрөгөндүгү же бала баккандыгы боюнча өргүүдө жүргөн мамлекеттик кызматчы окутууда артыкчылыктуу укуктарга ээ болот. Мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы бирден-бир тапшырыкчы катары окутуу программаларын жана билим берүү мекемелерин тандоону конкурстун негизинде жүргүзөт. Мамлекеттик кызматчыларды окутуу үчүн мамлекеттик органдардын ишин финансылоого каралган каражаттардын кеминде бир пайызынан кем эмес эсеп кылуу менен бюджеттен финансы каражаттары бөлүнөт. Окутуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка каражаттардын эсебинен да жүргүзүлүшү мүмкүн.

---

Мурунку берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1513/st-20)  
Кийинки берене: [22-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1513/st-22)
