# 19-статья. Мамлекеттик кызматчынын өздүк иши

- Документ: [Мамлекеттик кызмат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1513)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 11-августундагы № 114 "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.05.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 30 мая 2016 года № 75 "О государственной гражданской службе и муниципальной службе"](https://aqlex.ai/kg/doc/111354)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1513/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1447/edition/838621/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1513/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.05.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик кызмат жөнүндө, 19-статья (30.05.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1513/st-19

---

Мамлекеттик кызматчынын мамлекеттик орган менен эмгектик мамилелерине тиешелүү бардык маалыматтар мамлекеттик кызматчынын өздүк ишинде чагылдырылат. Өздүк ишти тиешелүү мамлекеттик органдын кызматкерлерин башкаруу кызматы жүргүзөт. Мамлекеттик кызматчы башка мамлекеттик кызмат орунуна которулганда анын өздүк иши мамлекеттик кызматтын көрсөтүлгөн жаңы ордуна берилет. Бир мамлекеттик кызматчыга бир нече өздүк ишти жүргүзүүгө жол берилбейт. Мамлекеттик кызматчылардын саясий жана диний көз караштары жөнүндө, анын жеке турмушу тууралу маалыматтарды чогултууга жана өздүк ишке киргизүүгө тыюу салынат. Мамлекеттик кызматчылардын өздүк ишин жүргүзүү тартиби, өздүк ишке киргизилүүгө тийиш болгон маалыматтардын жана документтердин тизмеги, ошондой эле аларга кирүү тартиби, мамлекеттик кызматты өтөөнү эсепке алуунун башка маселелери Мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан иштелип чыгат жана Кеңеш тарабынан бекитилет. Кызматкерлерди башкаруу кызматынын кызматчыларына мамлекеттик кызматчынын жеке ишинде камтылган маалыматтарды ачыкка чыгарууга тыюу салынат. Мамлекеттик кызматчы өзүнүн өздүк ишинде камтылган маалыматтар менен таанышып чыгууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1513/st-18)  
Кийинки берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1513/st-20)
