# 18-статья. Мамлекеттик кызматтын кадрлар резерви

- Документ: [Мамлекеттик кызмат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1513)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 11-августундагы № 114 "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.05.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 30 мая 2016 года № 75 "О государственной гражданской службе и муниципальной службе"](https://aqlex.ai/kg/doc/111354)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 10 ноября 2014 года № 150 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственной службе"](https://aqlex.ai/kg/doc/205371)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1513#diff=838641..838642>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1513/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1447/edition/838621/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1513/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.05.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик кызмат жөнүндө, 18-статья (30.05.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1513/st-18

---

Мамлекеттик кызматтын кадрлар резерви (мындан ары - кадрлар резерви) - бул мамлекеттик кызматтын мамлекеттик административдик кызмат орундарын ээлөөгө атайын түзүлгөн талапкерлердин тобу. Мамлекеттик кызматтын кадрлар резерви кадрлардын улуттук жана ички резервинен турат. Кадрлардын улуттук резерви Мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан төмөнкүдөй талапкерлердин арасында тиешелүү конкурстарды жүргүзүү аркылуу түзүлөт:

- жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүнүн ичинен кенже административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлөөгө улуттук конкурстан өткөн адамдардын;

- мамлекеттик органдын статс-катчысынын пикирин эске алуу менен мамлекеттик органдын жетекчисинин сунуштамасы боюнча кызматка көтөрүлүүгө талапкер мамлекеттик кызматчылардын;

- (төртүнчү абзац КР 2014-жылдын 10-ноябрындагы № 150 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

- мамлекеттик кызматчы катары кызматта турбаган, кызматка дайындоо үчүн сунуш кылынган, бирок өздөрүнө байланыштуу эмес себептерден улам кызматка дайындалбаган адамдардын.

Мамлекеттик органдын кадрларынын ички резерви төмөнкүлөрдөн түзүлөт:

- ушул мамлекеттик органда административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген жана аттестациянын натыйжалары боюнча кызматка көтөрүүгө сунушталган мамлекеттик кызматчылардан;

- ушул Мыйзамдын 47-статьясынын 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдардан;

- конкурстун жыйынтыгы боюнча аттестациялык-конкурстук комиссия тарабынан сунушталган адамдардан.

Караңыз: Мамлекеттик органдын ички кадрлар резервин түзүүнүн жана иштетүүнүн тартиби жөнүндө убактылуу жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 741 токтому менен бекитилген) (КР 2014-жылдын 10-ноябрындагы № 150 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1513/st-17)  
Кийинки берене: [19-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1513/st-19)
