# 17-статья. Квалификациялык талаптар

- Документ: [Мамлекеттик кызмат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1513)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 11-августундагы № 114 "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.05.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 30 мая 2016 года № 75 "О государственной гражданской службе и муниципальной службе"](https://aqlex.ai/kg/doc/111354)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 12 марта 2015 года № 55 "О внесении дополнения в Закон Кыргызской Республики "О государственной службе"](https://aqlex.ai/kg/doc/205476)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 12.03.2015 [Закон КР от 12 марта 2015 года № 55 "О внесении дополнения в Закон Кыргызской Республики "О государственной службе"](https://aqlex.ai/kg/doc/205476); 20.10.2011 [Закон КР от 20 октября 2011 года № 181 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственной службе""](https://aqlex.ai/kg/doc/203420)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1513#diff=838644..838645>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1513/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1447/edition/838621/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1513/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.05.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик кызмат жөнүндө, 17-статья (30.05.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1513/st-17

---

Мамлекеттик кызматчыларга коюлган квалификациялык талаптарга төмөнкүдөй талаптар кошулат:

- административдик мамлекеттик кызмат орундарынын категориясын жана топторун эске алуу менен кесиптик билимдин деңгээлине жана профилине;

- адистиги боюнча иш стажы менен тажрыйбасына жана тиешелүү кесиптик жөндөмдөрүнө талаптар.

Административдик мамлекеттик кызмат орундарына адистиги боюнча иш стажына жана тажрыйбасына төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:

- кенже административдик мамлекеттик кызмат орундары - иш стажына талаптар коюлбайт;

- улук административдик мамлекеттик кызмат орундары - кенже кызматтардагы кеминде бир жылдык мамлекеттик кызмат стажы же адистиги боюнча кеминде үч жылдык иш стажы;

- башкы административдик мамлекеттик кызмат орундары - улук кызматтардагы кеминде үч жылдык мамлекеттик кызмат стажы же адистиги боюнча кеминде беш жылдык иш стажы;

- жогорку административдик мамлекеттик кызмат орундары - башкы кызматтардагы кеминде беш жылдык мамлекеттик кызмат стажы же адистиги боюнча кеминде жети жылдык иш стажы;

- ченемдик укуктук актыларда каралган учурларда мамлекеттик тилди мамлекеттик кызматчынын ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө билүүгө.

(КР 2011-жылдын 20-октябрындагы № 181, 2015-жылдын 12-мартындагы № 55 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [16-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1513/st-16-1)  
Кийинки берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1513/st-18)
