# 16-1-статья. Терс негиздер боюнча мамлекеттик кызматтан бошотулган адамдардын Реестри

- Документ: [Мамлекеттик кызмат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1513)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 11-августундагы № 114 "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.05.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 30 мая 2016 года № 75 "О государственной гражданской службе и муниципальной службе"](https://aqlex.ai/kg/doc/111354)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1513/st-16-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1447/edition/838621/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.05.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик кызмат жөнүндө, 16-1-статья (30.05.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1513/st-16-1

---

Терс негиздер боюнча мамлекеттик кызматтан бошотулган адамдардын Реестри ушул Мыйзамдын 31-статьясынын "д-з" жана "н" пункттарында каралган негиздер боюнча мурда ээлеген кызмат орундарынан бошотулган мамлекеттик кызматчылар жөнүндө жеке маалыматтарды камтыйт. Терс негиздер боюнча мамлекеттик кызматтан бошотулган адамдардын Реестрин түзүүнүн, жүргүзүүнүн, өзгөртүүнүн жана толуктоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет. Терс негиздер боюнча мамлекеттик кызматтан бошотулган адамдардын Реестри бош администрациялык кызмат орундарын ээлөөгө конкурстук тандоодо пайдаланылышы мүмкүн. Реестрдин маалыматтары талаптануучуну жумушка алууда баш тартуу үчүн негиз катары кызмат кылуусу мүмкүн эмес. (КР 2013-жылдын 24-июлундагы № 158 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1513/st-16)  
Кийинки берене: [17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1513/st-17)
